Аймактар
Ак-Буура дарыясынын жээги көрктөндүрүлөт
Элита плюс
Август 23, 2020 г.
Ак-Буура дарыясынын жээги көрктөндүрүлөт
© Элита плюс

Пандемияга каршы күрөшүү менен кошо аймактарды өнүктүрүү аракети унутта калган жок. Ошто баасы 251 млн сомду түзгөн ири долбоордун курулушу башталды. Жергиликтүү бийлик "Ак-Буура дарыясынын жээгин көрктөндүрүү жана жашылдандыруу долбоору" вирус менен күрөшүүгө кедергисин тийгизбей турганын белгилейт. Ушул тапта, аталган калаада, республикалык бюджеттин эсебинен 10дон ашык социалдык объектинин курулушу жүрүүдө. Вахапов жана Нурматов көчөлөрүнө чейинки 5 чакырым аралык баштан-аяк реконструкцияланууда. Жашылдандыруу жана көрктөндүрүү долбоору эки жыл аралыгында этап-этабы менен ишке ашырылат. Калаа башчысы, долбоор: негизги эки чоң багытты максаттарын белгилейт. Долбоордо каралгандай, дайра жээгине миңден ашык көп жылдык дарак тигилет. Веложол менен 3 метр аралыктагы тротуар түшөт. Эки жээкти байланыштырган жаңы 10 көпүрө салынат. Ар бир 20 метр жерге отургучтар коюлуп, түнкү жарыктандыруу түркүктөрү орнотулат. Курулуштун баасы 251 млн. сомго бааланууда. Мунун 60 млну быйылкы бюджеттен каралган. Ири долбоор пандемия менен күрөшүүгө тоскоолдук жаратпай турганы айтылат. Оңдоп-түзөө ишинин алкагында корук аймакта жайгашкан мыйзамсыз курулуштар тазаланат. Экотех кызматы дайра жээгиндеги объектилердин басымдуу бөлүгүнүн жеке тарапка өтүп кеткен учуру 2000-жылдарга туш келээрин айтат. Ал эми мыйзамсыз курулуштардан улам, жол тыгынын жараткан Рыспай Абыдкадыров көчөсүн да реконструкциялоо башталды. Жыл соңуна чейин, жалпы узундугу 715 метр жол оңдолуп, 1 миң 430 метр аралыктагы тротуар кеңейтилет. IP-камералары орнотулуп, ирригациялык лотоктор жаңыланат.Азыркы тапта Ош шаарында республикалык бюджеттин эсебинен 16 социалдык объектинин курулушу жүрүүдө. Мектеп, бала бакча, таза суу, ирригациялык долбоорлордун катарында 100 орундуу чоңдор үчүн курулуп жаткан жугуштуу оорулар ооруканасынын курулушу да бар.