Айзаданын өлүмү. Ишти иликтеп жаткан милиционерлерге карата текшерүү жүргүзүлөт
Элита плюс
Апрель 08, 2021 г.
Ички иликтөө кызматы тарабынан Бишкек шаарында сөөгү табылган кызды уурдоо боюнча сотко чейинки процесстин үстүнөн иштеп жаткан милиция кызматкерлеринин ыкчам иш-аракеттери текшериле баштады.
Белгилей кетсек, уга чейин Бишкекте Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде жаш кызды ала качып кетишти деген маалымат тарап, окуя видеого түшүп калган.
Көп өтпөй 7-апрелде кыздын сөөгү Бишкектин четиндеги Арашан жана Чокморов айылдарына жакын жердеги талаада автоунаадан табылган