Коом
Айыккандар көбөйүүдө. Дагы 291 адам илдеттен айыгып чыкты
Элита плюс
Август 13, 2020 г.
Айыккандар көбөйүүдө. Дагы 291 адам илдеттен айыгып чыкты
© Элита плюс

Кыргызстанда акыркы суткада COVID-19 инфекциясынан (пневмонияны эсепке алганда) 291 кыргызстандык айыгып чыкты. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев онлайн брифингде билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында 46 киши, Ош шаарында – 13, Чүй облусунда – 35, Ош облусунда – 46, Талас облусунда – 3, Нарын облусунда – 11, Ысык-Көл облусунда – 76, Жалал-Абад облусунда – 41, Баткен облусунда 20 бейтап COVID-19 илдетинен айыкты.

Учурда Кыргызстанда коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыккандардын жалпы саны 33 миң 318ге жетти.