Коом
Айт намазы аянттарда жана мечиттерде окулбайт
Элита плюс
Июль 28, 2020 г.
Айт намазы аянттарда жана мечиттерде окулбайт
© Элита плюс

Өлкөдөгү кырдаалга байланыштуу Айт намазы аянттарда жана мечиттерде окулбайт. Бул тууралуу муфтияттын басма сөз кызматы билдирди. Белгилей кетсек, Кыргызстанда быйыл Курман айт 31-июлда белгиленет. "Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу жума намазы убактылуу окулбай тургандай эле 31-июлдагы Курман айт намазы аянттарда жана мечиттерде окулбастыгын маалымдайбыз. Ошондуктан туура түшүнүү менен кабыл алып, берекелүү Курман айт майрамын жалпыбыз үй-бүлөбүз менен үйлөрдө майрамдайбыз. Бул күнү бири-бирибиздикине айттап барбастан, үйлөрдө курмандыгыбызды чалып, куран окуп, мамлекетибизге, элибизге, жерибизге жакшылыктарды тилеп, маркумдарга дубаларды багыштайбыз", - деп айтылат маалыматта.