"Digital Queen" разработка и продвижение веб-сайтов, контактные телефоны: +996 555 833 339: +996 772 333 327. “Элита plus” журналы, elitaplus.kg сайты менен кызматташуу үчүн байланыш телефондор: 0703 87-40-15; 0557 51 70 80.
Спорт
Айсулуу Тыныбекова UWW'нын мыкты спортчу айымы наамында жарым финалга чыкты
Элита плюс
Декабрь 03, 2020 г.
Айсулуу Тыныбекова UWW'нын мыкты спортчу айымы наамында жарым финалга чыкты
© Элита плюс

Эркин күрөш боюнча Кыргыз өлкөсүнүн белгилүү балбаны Айсулуу Тыныбекова UWW'нын (Дүйнөлүк күрөш уюму) Инстаграм баракчасы аркылуу онлайн уюштурулган мыкты спортчу айым наамына ат салышууда.

Тыныбекова добуш берүүнүн биринчи баскычында япониялык балбан, Азия чемпиону Юкако Каваини артка калтырып, кийинки баскычка өттү. Кийинки баскычта Тыныбекова "Лондон-2012" жайкы олимпиада оюндарынын чемпиону, орусиялык балбан Наталья Воробьёваны атка калтырды.

Учурда Тыныбекова дүйнөнүн 5 жолку чемпиону, америкалык 29 жаштагы Аделайн Грей менен финалдык баскычка өтүү үчүн ат салышууда.