Ийгилик сыры
Айсулуу Тыныбекова UWW рейтингинде бир сапка көтөрүлдү
Элита плюс
Апрель 13, 2023 г.
Айсулуу Тыныбекова UWW рейтингинде бир сапка көтөрүлдү
© Элита плюс
Айсулуу Тыныбекова UWW рейтингинде бир сапка көтөрүлдү
© Элита плюс

Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова Бириккен күрөш дүйнөсүнүн (UWW) балбандар арасындагы жаңыланган рейтингинде бир сапка көтөрүлдү.

Кыз-келиндер күрөшү боюнча 62 кг салмактагы спортчулар арасындагы тизмеде Тыныбекова 53 миң 75 упай топтоп, үчүнчү орунга чыкты. Марттын башындагы рейтингде кыргыз кызы төртүнчү орунда жайгашкан.

Айсулуу Тыныбекованын рейтингде көтөрүлүшүнө анын Азия чемпионатында алтын медаль утканы себеп болду.

Ал эми Азия чемпионатында күмүш жеңген Айпери Медет кызы (76 кг) тизмеде 8-орунга көтөрүлсө, Мээрим Жуманазарова (68 кг) 12-орунга чыкты.