Спорт
Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнө кубогуна кызуу даярданып жатат
Элита плюс
Ноябрь 28, 2020 г.
Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнө кубогуна кызуу даярданып жатат
© Элита плюс
Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнө кубогуна кызуу даярданып жатат
© Элита плюс

Кыз-келиндер күрөшү боюнча Кыргыз өлкөсүнүн курама командасы Дүйнө кубогуна катышуу үчүн даярданып башташты. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, спорттук иш-чара 12-декбардан 18-декабрга чейин Сербиянын Белград шаарында өтөт.

"Эл аралык лицензиялык мелдештерге даярдануу максатында балбан кыздар 26-ноябрдан 12-декабрга чейин Стамбул шаарында машыгуу өткөрүшөт", - деп билдиришти агенттиктен.

Команданын курамы:

Айсулуу Тыныбекова, салмак категориясы – 62 кг;

Айпери Медет кызы - 76 кг;

Мээрим Жуманазарова - 68 кг;

Нураида Анаркулова – 57 кг;

Назира Марсбек кызы – 59 кг;

Нурбек Изабеков – башкы машыктыруучу.