Урматтуу менин күйөрмандарым, баарыңыздарга чың ден соолук каалайм. Мындан ары өлкөбүздө кыйын кырдаал болбошун Кудайдан тилейм. Учурда жашообуз өз нугуна түшүп бараткандай. Андыктан заманыбыз тынч, элибиз аман, жерибиз бүтүн болсун.
Күзүндө Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо да өткөнү турат. Ушундан улам учурда мага бир топ партиялардан сунуштар түшөрүн сезип турам. Ошондуктан алдын ала төмөндөгү ниетимди билдирип койгум келди. Урматтуу замандаштар, мен карьерам аяктаганга чейин саясатка аттанбайм жана аралашпайм. Себеби саясат спортчунун өз максатына жетишине тоскоол болушу ыктымал деп ойлойм. Бүгүнкү күндө мен эмдиги жылы боло турган олимпиада оюндарына өз машыгууларымды баштадым. Алдыда боло турган олимпиадада чоң ийгиликтерди жаратуу үчүн жан үрөп тынымсыз машыгып жатам. Менин убактым саясатка эмес, машыгууга араң жетип жатат. Мага Кыргызстандын желегин дүйнөдө желбиретүү өтө маанилүү. Жүрөгүмдө кыргыз элим, жүрөгүмдө күйөрмандарым!
Сиздерди терең урматтоо менен Айсулуу ТЫНЫБЕКОВА.