Спорт
Айсулуу Тыныбекова: "Эки алтын, бир коло биздин командабыз үчүн мыкты жетишкендик"
Элита плюс
Октябрь 08, 2021 г.
Айсулуу Тыныбекова: "Эки алтын, бир коло биздин командабыз үчүн мыкты жетишкендик"
© Элита плюс
Кыргыздын сыймыктуу балбан кызы Айсулуу Тыныбекова өзүнүн соцтармактагы баракчасына "Урматтуу достор!
Ушуну менен кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча Дүйнө биринчилиги #WrestleOslo биз үчүн аяктады. Эки алтын, бир коло биздин командабыз үчүн мыкты жетишкендик 🥇🥇🥉🤼‍♀️
Ал эми кыргызстандыктар мындан да көп медалдарга татыктуу! Алдыда дагы жеңиштерди алып келүү үчүн машыгууларды улантабыз.
Бул жеңиштерге жетүүдө эң маанилүү ролду ойногон жалпы машыктыруучуларыбызга жана командабызга терең ыраазычылык айтам ❤️
Кыргызстандыктарга жана жалпы күйөрмандарга колдооңуздар үчүн таазим этем🔥🔥🔥
Урматым менен, Айсулуу ❤️" деп жазды.