Спорт
Айсулуу Тыныбекова Дүйнө Кубогун жеңди
Элита плюс
Декабрь 15, 2020 г.
Айсулуу Тыныбекова Дүйнө Кубогун жеңди
© Элита плюс

Бүгүн, 15-декабрда Сербиянын борбору Белград шаарында күрөш боюнча Дүйнө Кубогунун финалдык беттештери Бишкек убактысы боюнча саат 23:00дө старт алды.

Мелдешке 62 килограмм салмак ченинде катышкан белгилүү кыргыз балбан кызы Айсулуу Тыныбекова финалдык беттеште 2019-жылы Европа оюндарында чемпион аталган латвиялык Анастасия Григорьева менен кез келип, атаандашын 0:14 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңди.