Спорт
Айсулуу Тыныбекова дүйнө жүзү боюнча "Мыкты спортчу айым" наамына ээ болду
Элита плюс
Декабрь 05, 2020 г.
Айсулуу Тыныбекова дүйнө жүзү боюнча "Мыкты спортчу айым" наамына ээ болду
© Элита плюс

Айсулуу Тыныбекова Дүйнөлүк күрөш уюму (UWW) жүргүзгөн "мыкты спортчу айым" наамында жеңүүчү аталды. Дүйнөнүн мыкты 16 балбан кызы катышкан бул сурамжылоодо Айсулуу Тыныбекова жеңишке жеткенине кубанганынан көзүнө жаш алганын социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"Кыргыз өлкөсү жеңди. Ар бирибиз жеңдик бүгүн.Кыргыз элиме ыраазычылык айтам! Ушундай ынтымактуу жана бекем элдин ичинде болгонума Кудайыма миң мертебе шүгүр! Эмне деп айтарымды билбей ыйлап жатам. Рахмат!", - деп жазды Тыныбекова.

Финалдык сурамжылоого жалпы 292 миң 896 адам катышып, анын 170 миң 989у Айсулуу Тыныбековага добуш берген.