Спорт
Айсулуу Тыныбекова 9:0 эсебинде жеңишти багындырып, алтын медалга ээ болду
Элита плюс
Ноябрь 07, 2020 г.
Айсулуу Тыныбекова 9:0 эсебинде жеңишти багындырып, алтын медалга ээ болду
© Элита плюс

Айсулуу Тыныбекова 9:0 эсебинде жеңишти багындырып, алтын медалга ээ болду. 

Маалыматка ылайык, Польшанын борбору Варшава шаарында өткөн «Poland Open» эл аралык турнирине 62 килограмм салмак ченинде катышкан Айсулуу Тыныбекова алтын медаль алды.

Тыныбекова биринчи баскычта орусиялык Ульяна Тукуренованы 12:3 эсебинде жеңди. Кийинки баскычта тунистик Марва Амри менен кез келип, Айсулуу Тыныбекова 8:4 эсебинде утулуп жатып, беттеш бүтөрүнө 40 секунд калганда атаандашын далысынан басып таза жеңишке жетти.

Финалда Тыныбекова орусиялык Анжела Фоменканы 9:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңип, алтын медалга ээ болду.