Медицина
Айнура СУБАНБЕКОВА, врач, акушер-гинеколог, эстетист: “Кесибимдин арты менен 25 жыл төрөт кабыл алдым”
Элита плюс
Март 23, 2020 г.
Айнура СУБАНБЕКОВА, врач, акушер-гинеколог, эстетист:  “Кесибимдин арты менен 25 жыл төрөт кабыл алдым”
© Элита плюс
Айнура СУБАНБЕКОВА, врач, акушер-гинеколог, эстетист:  “Кесибимдин арты менен 25 жыл төрөт кабыл алдым”
© Элита плюс
Айнура СУБАНБЕКОВА, врач, акушер-гинеколог, эстетист:  “Кесибимдин арты менен 25 жыл төрөт кабыл алдым”
© Элита плюс
Айнура СУБАНБЕКОВА, врач, акушер-гинеколог, эстетист:  “Кесибимдин арты менен 25 жыл төрөт кабыл алдым”
© Элита плюс
Айнура СУБАНБЕКОВА, врач, акушер-гинеколог, эстетист:  “Кесибимдин арты менен 25 жыл төрөт кабыл алдым”
© Элита плюс
Айнура СУБАНБЕКОВА, врач, акушер-гинеколог, эстетист:  “Кесибимдин арты менен 25 жыл төрөт кабыл алдым”
© Элита плюс

Учурда замандын агымына жараша медицина тармагы күндөн-күнгө жаңыланып кулачын кенен жайып жаткан учуру. Анын ичинен эстетикалык гинекология тармагында да ар кандай жаңылануулар пайда болууда. Биздин сөз кыла турган бүгүнкү каарманыбыз эстетикалык гинеколог Айнура Субанбекова бир топ жылдан бери аялдардын көйгөйлөрүн чечип аларга чын дилинен кызмат көрсөтүп келет. Бүгүн бизге эстетикалык гинекология тармагында кандай жаңылануулар бар. Деги эле алардын канчалык деңгээлде пайда зыяны тууралуу буларды айтып берди.

-Айнура айым, алгач өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз?

-Мен Фрунзе шаарында дарыгердин үй-бүлөсүндө төрөлгөм. Атам 50 жылдан бери Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында кургак учук бөлүмүндө талыкпай эмгектенип келе жатат. Учурда 81 жашка чыгып уул-кыздарынын сый-урматын көрүп турган чагы. Ал эми, апам болсо 18 жашында эле турмушка чыккан. Билимдүү, соода техникумун бүткөн. Турмушка чыкканда атам институттун аспирантурасын бүтүп калган мезгили экен. 1965-жылы экөө Фрунзеде жашап калышат. Кээде атам “Экөөбүздүн сүйүүбүз абдан күчтүү болчу” деп эстейт. Биз деле күбө болуп калдык. Өкүнүчтүүсү апам 33 жашында боор оорусуна чалдыгып, Фрунзеден операциясы ийгиликсиз болуп, ооруканадан чыгарып алдык. Атам врач болгондуктан, анын тааныштары көп эле. Орусиянын Томск шаарынан күчтүү профессорду таап, операцияга ошол жакка алып барды. Ал жактан боорун 96 градуска чейин муздатып тоңдуруп, жараланган жерлерин электрдик бычак менен кесип алышкан. Операциядан кийин 10 жыл жашайт дешкен. Айткандай эле, 13 жыл жашап 46 жашында бул дүйнө менен кош айтышып бизди сыздатып кете берди. Апам абдан шайыр, мээримдүү жакшы адам эле. Өзүнүн ден-соолукка байланыштуу көз жаш агызган соонун ыры бар. Ал ыры азыркыга чейин эсибизде. Атам менен апам 6 кыз, бир уул, 7 балалуу болушту. Бардыгы жогорку билимдүү, медицина тармагын бүтүрүшкөн. Өзүм болсо 1992-жылы КММИнин гинекология тармагын аяктагам. Окууну аяктаганга чейин эле 1990-жылдан баштап акушер болуп №2-төрөт үйүнө жумушка орношком. Институтту бүткөн соң ошол эле №2-төрөт үйүндө врач-акушер, гинеколог кесибин аркаладым. Ал жерде иштеп жүрүп, көп кадамдарды басып өттүм. Айтсам жөнөкөй врачтан баштап, кабыл алуу бөлүмүнүн врачы, нөөмөт врачы, биринчи нөөмөт врачы болуп отуруп 2 акушердик бөлүмдүн жетекчиси болгонго жетиштим. Кийин Саламаттыкты сактоо министрлигинин атайын буйругу менен Кыргыз мамлекеттик репродукциялык институттун төрөт бөлүмүнө жетекчи болуп дайындалдым. Ал бөлүмдө да үзүрлүү эмгектенип тажрыйба топтодум. №2-төрөт үйүндө 17 жыл эмгектендим. Кесибимдин арты менен 25 жыл төрөт кабыл алыптырмын. Өзгөчө №2-төрөт үйүндө иштеген күндөрүмдү эстеп, абдан сагынам. Бир чети сыймыктанам. Алар да мени эстеп калышат. Былтыр кызым төрөгөндө төрөтүнө кесиптештерим менен бирге кирдим. Ошондо санитаркалардан тартып, кесиптештерим баары мени сагынгандарын айтышты. Ичим жылып, кубанып калдым. Учурда өз алдынча жеке клиника ачып иштеп жатам.

-Медицина тармагынан гинекология бөлүмүн тандап калууңузга эмне себеп болду?

-Негизинен медицинаны тандап калышыма апам себепчи болгон. Жогоруда айткандай апам Томск шаарынан операция болуп келгенде мен болгону 5-класста эле окуп жүргөм. Операциядан кийин бирөөнүн көзөмөлүндө болууга туура келди. Кыз киши боорукер энеге жакын болот эмеспи. Кичинекей экениме карабастан жараатын жууп тазалап, айтор, эч кимге кор кылбай өзүм карадым. Ошондо дүйнөдө эч качан аялзаты оорубаса экен, кыйналбаса экен деп тилечүмүн. Эмнегедир мага катуу таасир бердиби врач болууну кааладым. Болгондо да аялдарга жардам бергим келди. Ошентип, 10-классты аяктагандан кийин атам “кызым, кайсыл кесиптин ээси болгуң келет?” дегенде медицина тармагын тандасам деген оюмду айттым. Атам менин каалоомду колдоп, “өзүң каалаган кесиптин ээси бол” деп батасын берди. Кудайдын буйругу менен КММАга тапшырдым. Өзүңөр билгендей жалпысынан медицина тармагын окуп бүтүрүү өтө эле кыйын. Канчалаган жылдарды талап кылат. 7 жыл окуйсуң, ортолоп калганда бир багытты тандаганга туура келет. Ар бир студент өзүнө жаккан тармакты тандоого укуктуу. Мен гинекологияны тандаганыма апам жана ЖОЖдо окуп жүрүп №2-төрөт үйүндө иштеген мезгилим себеп болду. Көптөгөн аялдардын төрөттөрүнө катышып, кыйналып жаткандарын көрүп, аларга болгон аёо сезим ойгонуп, аялзатынын көйгөйлөрүнө жардам берүү максатын көздөп гинекологияны тандагам.

-Учурда сиз эстетикалык гинекология тармагында да мыкты адис экениңизден кабарыбыз бар. Бул жаатына ооп кетишиңиздин себеби эмнеде?

-Эстетикалык гинекология багытына ооп кеттим дегенден алысмын. Баарыңыздарга белгилүү болгондой бул жаңыдан башталып келе жаткан илим. Бул илимге 5-6 жылдын жүзү болду. Ал эми, мен бул тармакка 4 жылдан бери аралашып келем. Эстетикалык гинекологиянын ичинде көп медициналык тармактар аралашып кетет. Бул гинекология, урология, акушердик, эндокринология, пластикалык хирургия, психология тармагы камтылат. Учурда замандын агымына карап бардык тармакты алып кетүүгө аракеттенем. Анын үстүнө азыркы кезде күндөн-күнгө медицина тармагында жаңылануу ыкмалары көбөйүүдө. Ошондуктан, гинеколог болгон соң, бир кесип менен гана чектелбестен билимимди жогорулатып, тажрыйба топтоп, үйрөнүп Москва шаарына, чет өлкөлөргө чыгып турам. Бул жаңыланууну аялзатынын ден-соолугуна байланыштуу өркүндөтүп жатам. Учурдан пайдаланып аялзатына айтаарым сырткы келбетибиз гана сулуу болбостон, ички дүйнөбүз да сулуу болуп, ар бир айым ден-соолугуна убагында көңүл буруп, тийиштүү дарыгерлерге кайрылып турса дейт элем.

-Медициналык борборуңуздун аталышы кандай? Анда жалпысынан аялдарга тиешелүү кандай кызматтарды көрсөтөсүздөр?

-Биздин клиниканын аты “АЙИСА” деп аталат. Клиникабызда көптөгөн кызматтар бар. Биринчиден, кош бойлуу аялдардын абалын көзөмөлдөө. Жатын моюнчасынын эрозиясын дарылоо, жатын моюнчасы ылдыйлап түшүп кетет аны калыбына келтирүү. Андан сырткары, жыныс органдардын сезгенишин жана жыныс органдарын жашартуу ыкмасын лазердин жардамы менен колдонобуз. Бул ыкма учурда көп аялдарга натыйжалуу таасирин тйигизип жатат. Негизинен эстетикалык гинекология боюнча бир канча процедуралар бар. Мисалга алсак, плазмофиллинг деп аталган процедура. Бул процедура аялдардын жыныс органдарын түзөтүү, толтуруу жана жашартуу максатында жасалат. Мисалы, төрөгөндөн кийин арыктап калганда, климакс убагында ж.б. медициналык көрсөтмөлөрү аялдарга жасалат. Плазмофиллинг аялдардын канын алып, аны атайын ыкмалардын жардамы менен экиге бөлүп, плазма менен өзүнүн канын аралаштырып приборкаларга чогултулуп, андан кийин гана плазма куюлат. Мындан башка атайын жиптердин жардамы менен жыныс кынды кичирейтүү кызматтарын көрсөтүп келатабыз. Кыскасы, гинекологиялык ооруларга тиешелүү көптөгөн кызматтарды көрсөтөбүз.

-Жогоруда айтылган кызматтарга кайрылгандардын саны кандай? Алардын канчалык деңгээлде зыяны бар?

-Биз учурда 21-кылымда жашап жатабыз. Жыныс кынды кичирейтүү же жашартуу сыяктуу кызматтардын анчалык деле уяты жок. Өзгөчө 2-3 бала төрөгөндөн кийин же болбосо өзүнө туура эмес кам көргөндүн айынан жыныстык органдар жабыркайт. Жөнөкөй эле мисал келтирсек биздин аялдар көп балалуу болгонду жактырышат. Бул жакшы нерсе. Бирок, аны менен катар өзүнө көңүл буруп караганды да билиш керек. Мисалы, көпчүлүк аялдар төрөп 3-4 ай өткөндөн кийин эле жумушка чыгып же болбосо оор көтөрүп жумуш жасап өздөрүн кыйнашат. Бул өтө зыян, организмге абдан терс таасирин тийгизет. Өзгөчө жыныс органдарын жабыркатып, бошотуп ылдыйлатат, ыңгайсыздык жаратат. Мындай көйгөй менен кайрылгандардын саны өтө көп. Бирок, жасаткандардын саны аз. Анткени, жаңылануу ыкмаларынан коркушат, кооптонушат. Социалдык тармактардан ар кандай нерселерди көрүп алып, билип билбей суроолорду бергендери да көп. Келген аялдарга колумдан келишинче текшерип, туура маалымат бергенге аракеттенем. Кызматыма туура келбегендерин башка жактарга жөнөтөм. Бүгүнкү күндө жасаган эмгектерим жакшы пайдасын берүүдө. Ал эми, бул процедуралардын зыянынан пайдасы өтө көп. Зыяны жок деп айтууга да болот. Анткени, мунун баары медицинанын атайын нормасы менен иштелет. Баалары болсо ар бир кызматтын жүрүшүнө жараша болот. Анчалык асман чапчыган сумманы деле талап кылбайт.

-Жасаган операцияңыз ийгиликсиз болуп, кардарларыңызды канааттандырбай калган учурлар болобу?

-Операция же башка процедура жасардан мурун кылдаттык менен баарын текшеребиз. Анын каалоосун кунт коюп угуп, сөзсүз хирургия боюнча көрсөтмөлөрдү жана каршы көрсөтмөлөрүн айтабыз. Аны уккан соң өзү жыйынтык чыгарат. Ошондо гана эки жакка тең жеңил, ийгиликсиз болууга жол берилбейт. Негизинен дарыгер эч качан кепилдик бербеши керек. Кудай сактасын, азырынча менин жасаган эмгектериме карата терс пикирлер, даттануулар боло элек.

  • Мисалы төрттү төрөгөн аял, жыныс кынды кичирейтүү же жашартуу кызматын алса, ал андан кийин дагы төрөгөнгө болобу?
  • Жогоруда айтылган плазмофиллинг, лазер аппараты менен жасалган процедура андан сырткары, гиалурон кычкылы кошулуп жасалган ыкмабыз да бар. Ушул процедуралардан кийин төрөгөнгө болот. Бул процедуралар жыныс кынды кичирейтет. Ал эми, жыныс кынды операция жолу менен тиктирип жасаткандан кийин төрөгөнгө болбойт. Бир гана операция жолу менен (кесерево) төрөгөнгө мажбур болот.

-Сиздерге кайрылууну каалаган бейтаптар кантип байланышса болот?

  • Биздин медициналык борборубуздун аты “Айиса” Кыдыкеева көчөсү 66 дарегинде жайгашкан, Шабдан баатыр көчөсү менен кесилишет. Алдын ала атайын жазылуу жолу менен кабыл алабыз. Узак кезекте турганды жактырбайм. Азыр убакыт деген абдан баалуу. Баарына жетишүү керек. Азыр замандын талабына ылайык телефон аркылуу кабарлашып убактысын тактап кечикпей учурунда келишсе. Инстаграмм баракчасында gynecology_kg жана Фейсбук тармагында Субанбекова Айнура деп таба алышат. Ал жактан менин эмгектерим тууралуу кенен маалымат алышса болот.

-Маегибиздин соңунда үй-бүлөңүз туурасында айтып кетсеңиз?

  • Менин ушул даражама жетишиме жолдошумдун салымы чоң. Дайыма мага дем-күч берип колдоп, шарттарды түзүп бергенге аракеттенет. Жодошум да дарыгердин үй-бүлөсүнөн тарбияланып чоңойгон. Учурда ал дагы медицина тармагын аркалап, пластикалык хирург болуп эмгектенет. Кудайга шүгүр 3 балабыз бар. Балдарыбыз да биздин жолду жолдоп, улуу кызым менен уулум медицина тармагын тандашкан.

Алмагүл БАЗАРБАЕВА