Эл өкүлү
Айнура АСКАРОВА, ЖКнын депутаты: “Аял киши жолдошунан колдоо таппаса эч качан коомго чыгып ийгилик жарата албайт”
Элита плюс
Июль 17, 2020 г.
Айнура АСКАРОВА, ЖКнын депутаты:  “Аял киши жолдошунан колдоо таппаса эч качан коомго чыгып ийгилик жарата албайт”
© Элита плюс
Айнура АСКАРОВА, ЖКнын депутаты:  “Аял киши жолдошунан колдоо таппаса эч качан коомго чыгып ийгилик жарата албайт”
© Элита плюс
Айнура АСКАРОВА, ЖКнын депутаты:  “Аял киши жолдошунан колдоо таппаса эч качан коомго чыгып ийгилик жарата албайт”
© Элита плюс
Айнура АСКАРОВА, ЖКнын депутаты:  “Аял киши жолдошунан колдоо таппаса эч качан коомго чыгып ийгилик жарата албайт”
© Элита плюс
Айнура АСКАРОВА, ЖКнын депутаты:  “Аял киши жолдошунан колдоо таппаса эч качан коомго чыгып ийгилик жарата албайт”
© Элита плюс
Айнура АСКАРОВА, ЖКнын депутаты:  “Аял киши жолдошунан колдоо таппаса эч качан коомго чыгып ийгилик жарата албайт”
© Элита плюс
Айнура АСКАРОВА, ЖКнын депутаты:  “Аял киши жолдошунан колдоо таппаса эч качан коомго чыгып ийгилик жарата албайт”
© Элита плюс

Кыргыз аялдары эзелтеден эле үйдүн куту, шам чырагына теңелип, татыктуу урмат-сыйга бөлөнүп келген. Бул да бекеринен эмес, апаларыбыз көчмөн элдин урпактары катары үй-бүлөсү менен ойдон тоого, жайлоодон кыштоого кайсы учур болбосун, камданып, бешиги беленделип, журт менен бирге жүргөн. Элибиз не деген апааттарды башынан өткөрүп, акыры эгемендүүлүккө жетти. Азыр да кыргыз айымдары дээрлик бардык тармакта иштеп, коомдун жүгүн көтөрүп келишет. Алардын катарын ЖКнын депутаты Айнура Аскарова дагы толуктайт. Биз эл өкүлүнө жолугуп саясаттан сырт маек курдук.

-  Айнура Алмасбековна, адамдын адам болушуна деле ошол айылы, айлана-чөйрөсү, ичкен суусу таасирин берет окшойт деп калам. Мисалы, сиз чоңойгон Кегети айылы кыргызга көптөгөн академик, илимпоздорду берген. Ал эми сиздин адам болушуңузга таасири кандай болду?

- Туура айтасыз. Чынында эле биздин Кегети айылы - касиеттүү, куттуу жер. Айылыбыздан академик Аскар Какеев, мамлекеттик ишмерлер Аскар Турсунов Муратбек Мукашев, илимдин докторлору Акматбек Жаманбаев, Искендер Исамидинов, Салтанат Турсунова, Эл мугалими Султан Мамбеткалиев, дүйнөлүк жана Азия чемпиондору Тобокел Мамыров, Малик Борбашев, жазуучу Насирдин Байтемиров, бир нече эмгек сиңирген дарыгерлер баш болгон бир катар элге кызмат кылган мыкты инсандар чыккан. Алар мектепке келип жолугушуу өткөрүшчү. Анан мугалимдерибиз аларды дайыма бизге үлгү катары көрсөтүп, жасаган эмгектерин айтып тарбиялашты. Билинбегени менен бул нерселер бизге чоң мотивация болчу. Ошол кишилерди карап түздөнүп, алардай болгубуз келип шыктанып, жакшы окуп, алдыга умтулуунун аракетин көрчүбүз. Туулган айылыңдын баа-баркы убагында билинбей, андан алыстаганда сагынып, куса болот турбайсыңбы.

- Ошондой керемет жерде бала чагыңыз да бактылуу өтсө керек?..

- Бала чагым бардарчылыкта аябай бактылуу өттү. Төрөлгөнүмө 3 ай болгондон кийин эле апам эмчегинен мастит болуп, денесине ириң тээп, шишип кетиптир. Киши боломбу, болбоймбу деп ооруканага кетип жатып мени чоң атамдарга табыштап, таштап кетет. Жакшы болбой бир топ убакыт ооруканада болуп, кайра келсе мен торолуп, чоңоюп калам. Чоң атамдар мага, мен аларга көнүп, мени бербей коюшкан экен. Ошону менен чоң ата, чоң апамдардын колунда өстүм. Ата-энем 5-6 үй эле ары турушчу. Тун небере болгондуктан ал кишилер мени аябай эрке өстүрүштү. Чоң атам мугалим, өз атам сельсовет, кийин көп жыл салык кызматында иштеди. Апам көп жыл мектептин директору болду. Айтор, билимге басым жасаган үй-бүлөдө чоңойдум. Айылда чоңойсом да шаардагыдай шарт түзүп беришти. Айылдын кызындай кетмен кармап, уй саап, тиричилик кылган жокмун. Үйдөгүлөрдүн “жакшы оку” деген бир гана талабы болчу. Жакшы окуп, 4-класстан окууну бүткөнгө чейин староста болдум. Мектепте танапис болгондо чоң атам келип жыттап алчу. Жыттамайын сабагын баштачу эмес. Чоң танаписте бир коржик менен бир чашка кофе алып берчү. Ал эркелигим студент болгондо да калбай, ыраматылык чоң атам тамак-ашын жүктөп, көтөрүнүп университетке келе берчү. 3-курста чоң атамдын көзү өтүп иним экөөбүздүн дүйнөбүз урап түшкөндөй болду. Катуу стресс алып, ооруп, бир топ убакытта өзүбүзгө келдик. Ошондогудай чоң ата менен неберенин ортосундагы байланышты, мээримди азыр көрбөйм.

- Кандай кызыктуу учурларды эстейсиз?

- Жогоруда айтканда,й менде баары сааты менен болчу. Бир чийинден чыгарбай тарбиялашты. Жогорку класс болуп чоңоюп калганда отуруштар болот эмеспи, “вечер” деп коёт элек. Жакшы эле жиберип, бир саат өтүп, эми оозума тамак тийгенде чоң атам жетип келчү. Өзү келе албай калса атамды же чоң апамды жиберчү. Бул көндүм адат эле. 11-классты аяктап жатканда кой союп, коштошуу кечесин кылып, бири-бирибиздикине кыдырып, отуруш кылабыз деп сүйлөшүп алдык. Ошондо үйдөгүлөрүмө: “Бир сааттан кийин жетип келбегиле, мен 4 саат отурам”, - деп чатак салганым эсимде. Негизи адамдын жашоосунда балалык абдан чоң роль ойнойт экен. Азыр айланамдагы адамдарды карап отуруп адамдын фундаменталдык алган билими, тарбиясы, ал тургай, нанга тоюп чоңойбогону кийин инсандык калыптанышына чоң таасирин тийгизерин байкап жатам. Кыргыздар буга мурун эле “ач адам”, “ток адам” деп аныктама берип коюптур. “Көрбөгөндүн көргөнү курусун” дегендей, чын эле адам бала күнүндө жетишпеген турмушта жашап, тоё тамак жебесе,  мээримден, сүйүүдөн, тарбиядан өксүп калса, кийин бардар жашоо күтсө деле жутунуп турат окшобойбу. Көөдөнү ток деп кыргыз бекер айтпаса керек. Ошондуктан адамдын кичинекей кезинде көзүн, көөдөнүн бардык нерсеге тойгузуп, каныктырып тарбиялаш керек экен.  Андай адам кандай кыйынчылыкка туш келсе да коомдо жаман иш жасабай, пайдасын гана тийгизет экен.

- Кандай оюндарды ойночусуздар?

- Бададан уй тосуп келмей деген бир эле чоң  милдетим бар болчу. Уйлар бададан 9да түшсө, биз  5те эле чыгып алчубуз. Өзүм теңдүү кыздар скакалка секирип, топ ойночубуз. Кышында лыжа, чана тепчүбүз. Мектептен волейбол, баскетбол, футболго катышчумун. Боюм узун болуп класстын физругу элем. Ошентип, биздин бала чак жандуу өттү. Азыр ойногон баланы деле көрбөйсүң. Сыртка чыгарып элге кошо албайсың. Ошондуктан азыркылар өзүмчүл келишет. Коллективизацияга түшкөн адамдын психологиясы туруктуу болот. Бардыгынын  кемчилигин, артыкчылыгын, көйгөйүн билип, ошого жараша мамиле түзгөнгө үйрөнөт.  

-  Дарыгер болгуңуз келчү экен. Журналист болгонуңузга өкүнүү болбойбу?

-  Чоң апам көп ооруп күн алыс эле доктур чакырта берчүбүз. Андайда дарысын, суусун берип жанынан чыкмай жок. Үйдөгү атмосфера да бузулуп, бардыгыбыз үрпөйүп, маанайыбыз жок болуп калчу. Бир жылда 4-5 жолу ооруканага жатчу. Ооруп калганда айылдын ылдый жагындагы дарыгер Гүлай эжени чакырчубуз. Аппак халатчан, чепчикчен Гүлай эже көзүмө укмуш көрүнчү. Дарыларын берип, ийнесин сайып кетери менен апам жакшы болуп калар эле. Дарыгер деген жакшы болот турбайбы, мен дагы дарыгер болом дечүмүн. Бою 1 метрдей болгон Наташа деген дарыгер куурчагым да бар болчу.

Математик Аскар чоң атам чыгармачылыкка жакын киши эле. Гуманитардык жактан билим алганыма а кишинин салымы чоң. Кийин чоң атамдын көрсөтмөсү менен журналистикага тапшыргам. Бирок өкүнгөн учурум болду. Балам бронхит менен ооруп ооруканага түшкөндө, ата-энем ооруганда, дарыгер болуп албай дедим. Азыр деле мага медицина тармагы кызык. Өзүм ийне саям, балдарым ооруса анча-мынчасын өзүм эле дарылай коём.

-  Кайда келин болдуңуз, жолдошуңуз менен кантип таанышкансыз? Эмнесин жактырып турмушка чыктыңыз эле?

- Токтогулдун келинимин. Чынын айтканда, аял киши жолдошунан колдоо таппаса  эч качан коомго чыгып ийгилик жарата албайт. Үй тиричилигинен, көйгөйүнөн ал аял эч качан көтөрүлбөйт. Карьераны айтпай эле коёлу, канчалаган аялдар зордук-зомбулуктун курмандыгы болуп калышууда. Мен бул жагынан жолдошума миң мертебе ыраазымын. Өзү орган кызматкери, ИИМ тармагында эмгектенет.  Жумушумду түшүнүп, мени дайыма колдоп, кеңеш берип турат. Эки уулду тарбиялап жатабыз. Алгач көргөндө токтоолугу жагып, ошол сапатына ишеним артып турмушка чыккам. Негизи эле табиятыман өтө шуулдаган, шыпылдап адамдын ичи-койнуна кирген адамдарды көп жактыра бербейм. Бою узун, жакшынакай келбеттүү жигит болчу.

- Казан-аяк кагышпаган үй-бүлө болбосо керек, сиздердин пикир келишпестик эмнеден чыгат?

- Урушпаган, талашып-тартышпаган үй-бүлөбүз деген бул жасалмалуулук. Турмушта баары болот. Бирок күнүмдүк турмушта майда-чүйдө нерсеге көз карашыбыз дал келбей тартыша кеткенибиз болбосо, андай чоң маселе жаралып урушкан эмеспиз. Кудай сактасын, ушунча болуп түйүнчөгүмдү түйүп төркүнгө кеткен эмесмин. Анын үстүнө үй-бүлөдө улам жашың өйдөлөгөн сайын бири-бириңе болгон ишеним, түшүнүк бекемделе берет экен. Урушсак, тез табышабыз. Жолдошум: “Сени менен урушкан күнү эле бирдин ичинен чыгам. Унаамды коюп алам, дөңгөлөгүм жарылат же акчамды жоготом. Ушу сенин бир нерсең бар”, - деп тамашалап калат. 

- Эс алуунун кайсы түрүнө ыктайсыздар?

- Негизи бош убакыт деле болбойт, болуп калса үй-бүлөм менен өткөргөнгө аракет кылам. Балдарымдын жакшы көргөн, суранган тамактарын жасап берем. Депутаттыкка келгени ашканадан алыстап, көп учурда жолдошумдун сүйүктүү тамактарын жасап бере албай калдым. Өзүм да түрлөп тамак жасаганды жакшы көрөм. Сууда сүзүүгө барчумун, эки жылдан бери кол тийбей калды. Жолдошум жылкы баласына жакын, жаш кезинде көк бөрү ойночу экен. Мени да көндүрдү. Ыңгайы келсе эле ат минген адатыбыз бар. Бугубуз чыгып, кадимкидей эс алып калабыз. Той, маараке сыяктуу ызы-чууну анча жактыра бербейбиз.

- Китеп окуй турганыңызды байкадым, акыркы окуган чыгармаңыз кайсы болду. Кайсынысынан таасир алдыңыз?

- А. Жакыпбековдун “Теңири Манасын”, Айтматовдун “Ак кемесинин” орус тилиндегисин кайталап окуп чыктым. Айтматовдун эрте жазылган повесттери негизинен орус тилинде жазылган эмеспи, эмнегедир кыргызчасына караганда таасирдүүдөй сезилди. Момун чалдын абалын ыйлап окудум. Керемет. Робин Шарманын “Монах, который продал свой Феррари” чыгармасын бүткөнү калдым. Жакшы китеп экен. Кезекте Рустам Рахманалиевдин “Тюркская империя”,  Стефани Майердин “Сумерки Сагасы”, Макиавеллинин “Государы”  турат.

- Журналист болуп иштедиңиз, азыр депутат болуп отурасыз. Эл аралаган адам катары, аял катары коомдогу кайсы нерселер сүйүндүрөт жана өкүндүрөт?

- Билим берүү системасына жетишерлик көңүл бура албай жаткандыгыбыз өкүндүрөт. Сабатсыз муун өсүп келе жатат. Бул бизге коңгуроо болуп чара колдонуубуз зарыл. “Биз азыр мектеп курбасак, келечекте түрмө куруп калабыз”, - деп Германиянын биринчи канцлери Отто Бисмарк бекер айткан эмес да.  Сингапур, Малайзия, Германия, Финляндия, айтор, бир топ мамлекеттер экономикадан мурун билимди 1-орунга койгон. Азыр өнүгүп, алдыңкы мамлекеттерден болуп отурушат. Андыктан биз дагы билимдүү жаштарды өстүрүшүбүз керек. Ал эми сүйүнгөнүм - эркиндигибиз. Кантсе дагы мамлекетибиздин эгемендиги, өзүбүздүн мамлекетибиз, тилибиз, элибиз бар. Мен ушуга кубанам. Анан азыркы жаштарыбыздын дүйнө таанымынын өзгөчөлүгү кубандырат. Билим алууга суусап, илимди казып, башкача ой жүгүртүп, техниканы чагып, дүйнөнүн кыйын деген окуу жайларына тапшырып, окуп жаткан кыргыз жаштарын көргөндө кантип кубанбайсың.

- Кырктын кырына өтсөңүз да өз курагыңыздан жаш көрүнөт экенсиз, жаштыгыңыздын сыры эмнеде?

- Мага бул суроону көп беришет. Жаштыгымды сактайын деп атайын деле кам көрбөйм, тамакты ылгабай жейм. Чынын айтканда, залга барып, косметологго каттоого убактым деле жок. Болгону менде көралбастык, ич күйдүлүк, интрига менен алектенүү деген сезим жок. Өз дүйнөм бар, өз жашоом менен жашай берем. Экинчиден, сууну көп ичип, кыймылым көп. Жер тамда жашагандыктан жаным тынбайт. Эшик алдына гүлдүн түрүн, бак-дарак өстүрөм. Павлония, магнолия, гортензия, вейгела, бругмансия, роза ж.б. Чакан короомо капуста, помидор, бадыраң баш болгон бардык жер-жемиштерди айдайм. Эмне болор экен деп быйыл  дарбыз-коон да эгип койдум. Ошолорду чабам, отойм, сугарам. Тоокторум бар, аларга кам көрөм. Ошонун баары эле кыймыл. Кыймыл адамдын келбетине, ден соолугуна таасирин тийгизбей койбойт. Анан уулдарымдын жагымдуу түйшүгү. Алар менен ойнойм, китеп окуйбуз, велосипед тебебиз, ат минебиз, сууда сүзөбүз.

Аруужан КАНАТБЕК кызы