Ийгилик сыры
Айнаш ТОКБАЕВА, КРнын Жогорку Сотунун соту: “Атамды кучактап “Мен өлбөйм, жашашым керек” дей бериптирмин”
Элита плюс
Март 26, 2020 г.
Айнаш ТОКБАЕВА, КРнын Жогорку Сотунун соту: “Атамды кучактап “Мен өлбөйм, жашашым керек” дей бериптирмин”
© Элита плюс
Айнаш ТОКБАЕВА, КРнын Жогорку Сотунун соту: “Атамды кучактап “Мен өлбөйм, жашашым керек” дей бериптирмин”
© Элита плюс
Айнаш ТОКБАЕВА, КРнын Жогорку Сотунун соту: “Атамды кучактап “Мен өлбөйм, жашашым керек” дей бериптирмин”
© Элита плюс
Айнаш ТОКБАЕВА, КРнын Жогорку Сотунун соту: “Атамды кучактап “Мен өлбөйм, жашашым керек” дей бериптирмин”
© Элита плюс
Айнаш ТОКБАЕВА, КРнын Жогорку Сотунун соту: “Атамды кучактап “Мен өлбөйм, жашашым керек” дей бериптирмин”
© Элита плюс
Айнаш ТОКБАЕВА, КРнын Жогорку Сотунун соту: “Атамды кучактап “Мен өлбөйм, жашашым керек” дей бериптирмин”
© Элита плюс
Айнаш ТОКБАЕВА, КРнын Жогорку Сотунун соту: “Атамды кучактап “Мен өлбөйм, жашашым керек” дей бериптирмин”
© Элита плюс
Айнаш ТОКБАЕВА, КРнын Жогорку Сотунун соту: “Атамды кучактап “Мен өлбөйм, жашашым керек” дей бериптирмин”
© Элита плюс

-Айнаш Абдымановна, алгач аска-тоодой болгон ата-энеңиз, бир туугандарыңыз жөнүндө айтып берсеңиз?

-Ата-энем тууралуу айтсам сөз түгөнбөгөн көлөмдүү дастан жаралса керек. Атам согуштун ардагери эле. Эки балалуу болгондо кандуу согушка аттанып, согуш аяктаганда аман-эсен кайтып келген. Атам кыздарына өтө жумшак мамиле жасачу. Апам болсо абдан кайраттуу жан болчу. Согуш убагында өзүнүн эки баласына согушка кеткен бир тууганынын беш баласын кошуп, жети баланы жана ата-энесин жалгыз караптыр. Ал кезде өгүзгө сокону байлап алып жер айдагандарга катыкталбаган бир кесе жарма берсе аны апам бир эле ууртап, нанын ороп, үйдөгү балдарга алып келип берчү экен. Апам согуш жөнүндө көп кеп кылса, атам көзүнө жаш алып, кандуу жылдарды айтчу эмес. Азыр ойлосом ошол оор күндөрдү кайрадан эстеп жүрөгүн оорутууну каалабаса керек. Атам 7-класстык билими менен мугалим болуп, дүкөнчү болуп эмгектенген. Ал эми апамдын билими 4-класстык эле болгон. Анткен менен колунан көөрү төгүлгөн чебер эле. Жүндөн, териден ар кандай кооз кийимдерди, тебетейлерди тикчү. Анардын кабыгын ыргытпай, аны менен тон боёчу. Тери ашатып, чий токуганды бизге үйрөтүп, өзгөчө кыз балдарын бекем кармап тарбиялады. Тогузду төрөдү. Мен сегизинчисимин. Менден кийин бир иним бар. Негизи менин калыптануумда бир туугандарымдын да орду чоң. Улууларыбыз кичинелерди окутуп колдоп турушчу. Мектептеги ата-энелердин чогулушуна дайыма агам барат эле. Мугалимдер айткан жетишпестиктерди угуп, бирок бизди урушпай акырын түшүндүрүп биз менен кошо сабак окуйт эле. Эң кызыгы ар бир чейрек бүткөндө агам бизди паркка алып барып каалаган нерсебизди сатып алып берип майрам уюштуруп кийинки чейректе жакшы окуганга дем берчү. Мен бир туугандарыма абдан ыраазымын. Алар менин жашоомдо баа жеткис байлыктарым.

  • Бала кездеги кызыктуу көз ирмемдер эсиңиздеби?

-Кетмен-Төбө өрөөнү ар дайым жүрөгүмдө. Бала чакта ата-энем жүгөрү өстүргөндүктөн, ал бышкан кезде Кашкулактар жүгөрүнү жыгып, данын кайрып кетчү. Андыктан, атама кошулуп ит үргөндө эле кашкулак кууп, суурга, кашкулакка капкан салчубуз. Жайында жайлоого чыкканда апам жарма бышыртып, аны катыктап сууга салдырып койчу. Нары-бери өткөндөрдү “Ай, муздак жарма ичкиле!” деп чакыра берчү. Куурай терип келип, казанга нан бышырчубуз. Нары-өткөнү деле, бери өткөнү деле нанды түгөтүп кетишчү. Ошондо аябай кабатырланып, атам менен апам эч кимди чакырбаса дей берчүмүн. 5-классымда апам жумуштары менен айылга кетип бир күн келбей калды. Наныбыз түгөнүп ачка отурабыз. Чыдабай апамдын кылганындай кылып камыр ачытып, нан бышырып жатсам апам келип калды. Ошондон кийин нан жасоо милдетин мага өткөрүп берген.

  • Сот системасында эмгектенип калганыңызга эмне себеп болгон? Кесип тандооңузга ата-энеңиздин кимисинин салымы чоң?...

-Кесипти өз каалоом, кызыгуум менен тандагам. Ата-энем “бул тармакты танда” деп чектөө койгон жок. Тогузубуз тең ар кесипти өзүбүз тандадык. Бир жолу 3-класста окуп жүргөнүмдө Наташа деген классташым үйгө келип, экөөбүз тапшырмаларыбызды чогуу аткардык. Кийин аны үйүнө узатып баратсам, ал: “өлүм, баардык адамдар өлөт” деген теманы айта баштады. Ал кезде мен өлүм тууралуу ойлоно элек элем. Аны узатып коюп шаркыраган сууну, көпкөк асманды, бирин-серин өскөн дарактарды карап алып, “Эмнеге мунун баары жашоосун улантат, ал эми мен бир күнү өлүшүм керек? Жок, мен өлбөйм” деген ойлорго курчалып, өлүмдөн корккон түр менен тээ алыстан аталап кыйкырып, алдыман тосуп чыккан атамды бекем кучактап: “Мен өлбөйм, жашашым керек” дей бериптирмин. Ошондо атам жай олтуруп “Адамдар өлбөш үчүн бирөөлөргө жардамын берүү керек. Элге жарыгың тийсе атың өлбөйт” деп өлүм тууралуу айтып берди. Бул насааттан кийин адамдардын баарына жардам бергим келип, дарыгер болууну көксөдүм. Мектепти аяктаганда бир сумкага китептерди, кийимдеримди салып алып 5 сом менен ашуу ашып Фрунзеге жалгыз келгем. Бирок, ЖОЖго өтпөй калдым. Шаарда жүргүчө карыган ата-энеме жардамчы болоюн деп кайра айылга кетип, поликлиникага медициналык каттоочу болуп ишке кирдим. Кийинки жылы кайра Мединститутка тапшырып дагы өткөн жокмун. Бул мен үчүн чоң трагедия болду. Троллейбустун артына туруп алып ыйлап бараттым. Элдин баары мени карайт. Айла жок, ошентип кайра айылга жөнөдүм. Бараарым менен “Орус классты аяктаптырсың? Башталгыч класстарга орус тилчи мугалим бол” деп чакырышты. 1-класстан 4-класска чейин орус тилинен сабак берип жүрдүм. Бир күнү Ташкент юридикалык техникумуна экзамен тапшырып өтүп кеттим. Ата-энеме айтпай алдын-ала Ташкентке билет алып коюп, окуу жакындаганда гана үйдөгүлөргө кеңештим. Каршы болушпай жөнөтүштү. Буйрук экен техникумду ийгиликтүү аяктап, Бишкекке келгенде КМУнун юридикалык факультетине оңой өттүм. Анда сот системасы адилет министрлигине карап, жаш кадрларды атайын көрсөтмө менен жумушка алчу. Ошентип Ош шаардык сотко жумушка орношуп, сот тармагындагы ишмердүүлүккө жолду аталган жерден баштадым.

  • Сот тармагы татаал тармактардын бири. Ийгилик, карьера оңойчулук менен жаралбайт. Андыктан, ишиңиздин ийгилиги үчүн туш болгон оор күндөрүңүз болгонбу?

  • Негизи менде “оорчулук, кыйынчылык” деп ыйлактаган сапат жок. Башынан эле турмуштун сыноолорун туура кабыл алчумун. Кандайдыр бир маселе жаралса аны чечүүнүн гана жолун издечүмүн. Болбосо биз деле убагында квартирадан квартирага көчүп бир топ кыйынчылыктарды баштан кечирдик. Бир эмгек маянабызды баарына жеткирип, балдарды кийинтип, ата-энебизге жумшап, берекелүү колдончубуз.

-Карьераны, үй-бүлөнү бирдей алып келе жаткан аялзаты үчүн кандай сапаттар керектелет?

  • Негизинен аялзаты баардык өзүнө таандык сапаттарды милдетиндей аткарганга аракеттениши керек. Кайсы жерде эмгектенбе, ал иш сага ырахат тартуулоосу шарт. Мен эч убакта бийликке жетсем, келечекте бир креслодо олтурсам деп максат кылган эмесмин. Эмгек жолум өзүнөн-өзү уланды. Уулум төрөлүп, декреттик тыныгуудан соң адвокатурада иштеп калгам. Бир жолу экс-сот Марья Шевцова арбитраждык сотко чакырды. Келсем Нурбүбү Жаманаковна кабыл алып, “Бизге мыкты кадрлар керек. Сот болгуң келеби? Кааласаң конкурска катыш” деди. Жолдошума келип кеңешсем “өзүң бил” деп салды. Ойлонуп көрдүм да, эмнеге өзүмдү сынап көргөнгө болбосун деп конкурска катыштым. Бир күнү кошунам телефон чалып, “Сот болушуң менен куттуктайм. Жарлыкты сын алгыдан көрсөттү” деп сүйүнчүлөдү. Тамашалап жатат го деп ишенген эмесмин. Көрсө чындап эле судья болуп дайындалыптырмын. Кудайга шүгүр ошол 1998-жылдан бери келе жатам.

-Үйдө балдарыңызды тарбиялоодо да темирдей тартипти колдоносузбу?

  • Үч уул, бир кызыбыз бар. Кичинесинен аларды өз алдынчалыкка үйрөтүп, жол эрежелерин, аты-жөнүн, дарегин, үйдүн телефон номерин жатка билдирүүгө талапты катуу койгом. Учурда чынчылдыкка, тартиптүүлүккө багыт берем. Ал эми кесип тандоолоруна келгенде алардын оюн сыйлап, өз каалоолоруна коем.

  • Иштен чарчаганда кантип эс аласыз? Спортко жакынсызбы?

-Чарчадым деп отурганды жактырбайм. Бала кезден сергекмин. Атам намазга турганда эле кошо туруп алып жүрө берчүмүн. Азыр деле эрте турам. Эртең менен тураарым менен жылуу суу ичип, гимнастикалык көнүгүүлөрдү иш күндөрү жарым саат, дем алышта бир саат жасайм. Апама окшоп жөө баскандан ырахаттанам. Күнүгө 8000-10000 кадам басууга аракеттенем. Ден-соолук бул аманат болгондуктан ден соолукка абдан көңүл бурам. О.э. китеп окуп, неберемди жыттап, анын кылыгына сүйүнүп эс алам. Мурда бош убактымда өзүмө кийим тигип, ага кооздоп сайма сайып эс алчумун.

  • Ырым-жырымга ишенесизби?

-Жок, Кудайга гана ишенем. Ал эми ата-бабалардан калган салттарды карманам. Ата-энем келини досторконго келип отурмайын тамактанууну баштачу эмес. Баарыбыз чогуу отурган соң “биссимилла” деп бата кылып тамактанып, кайра чогуу бата кылып анан турчубуз. Ушул ата-энемден алган тарбия менен балдарымды сугарып, аларга ушундай тарбиянын ыкмасын колдонуп келем.

-Жаңы жыл алдында сизге эркин микрафон...

  • Илгертен Жаңы-жылдан жакшы тилектерди, үмүттөрдү күтөбүз. Андыктан, ар бир Кыргызстандыкка ыйман, ызат, тазалык тилейм. Жараткан элибизге ынтымак ыроолоп, заманыбыз, өлкөбүз тынч болсун!

Жазгүл КАРБОСОВА 2018-жыл, декабрь.