Коом
Аймактар аралык транспорттордун айдоочулары көзөмөлдөнүүдө
Элита плюс
Июнь 25, 2020 г.
Аймактар аралык транспорттордун айдоочулары көзөмөлдөнүүдө
© Элита плюс

Аймактар ортосунда жүргүнчү ташып иштеген айдоочуларга санитардык-эпидемиологиялык талаптарды аткарбагандыгы үчүн 201 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу маалымат жыйында Транспорт жана жолдор министрлигинин Транспорттук көзөмөлдү координациялоо бөлүмүнүн башчысы Нурбек Капетов билдирди. Анын айтымында, өлкө боюнча 2 миң 816 унаа текшерилген. 20-июндан тарта айдоочуларга Транспорт министрлиги тарабынан 99 миң сомго, Санитардык-эпидемиологиялык станция тарабынан 102 миң сомго айып пул салынган.