Мекендештер
Айгүл Жапарова Москвада Кыргызстан аялдар кеңешинин мүчөлөрү менен жолугушту
Элита плюс
Март 06, 2023 г.
Айгүл Жапарова Москвада Кыргызстан аялдар кеңешинин мүчөлөрү менен жолугушту
© Элита плюс
Айгүл Жапарова Москвада Кыргызстан аялдар кеңешинин мүчөлөрү менен жолугушту
© Элита плюс
Айгүл Жапарова Москвада Кыргызстан аялдар кеңешинин мүчөлөрү менен жолугушту
© Элита плюс
Айгүл Жапарова Москвада Кыргызстан аялдар кеңешинин мүчөлөрү менен жолугушту
© Элита плюс
Айгүл Жапарова Москвада Кыргызстан аялдар кеңешинин мүчөлөрү менен жолугушту
© Элита плюс

Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова Москва шаарында 6-мартта өтө турган “Кыргызстан менен Россиянын аялдарынын келечек үчүн диалогу” аттуу биринчи кыргыз-россиялык аялдар форумуна катышуунун алкагында Кыргызстан Аялдар кеңешинин мүчөлөрү менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.

Биринчи айым мекендештер менен жолугушуунун алдында иш-чара өткөн Кыргызстандын элчилигинин ишмердүүлүгү менен таанышып, Ак калпак күнүнө карата кичинекей кыргызстандыктардын өнөрүн көрдү.

Айгүл Жапарова өз сөзүндө тынчтыкты жана элдердин ортосундагы достукту чыңдоодо аялдардын маанилүү ордун, буга далил катары Биринчи кыргыз-россиялык аялдар форумунун өткөрүлүшүн белгиледи.

Ал Аялдар форумунун жана башка ушундай сыяктуу иш-чаралардын өткөрүлүшү салттуу үй-бүлөлүк баалуулуктарын сактоого жана аларды мындан ары жайылтууга оң таасирин тийгизерин, өсүп келе жаткан муундарды адеп-ахлактык жана руханий жактан тарбиялоодо салым кошуп жаткандыгын баса белгиледи.

“Аялзатынын негизги орду - эне болуу, балдарды татыктуу тарбиялоо, үй-бүлөдөгү коломто отун жандыруу жана сактоо экенин баарыбыз жакшы билебиз. Айымдардын уникалдуулугу мына ушунда. Заманга төп келген аялзаты бул негизги миссияларын ар кыл тармакта жасаган карьера менен чебер айкалыштырып, олуттуу ийгиликтерге жетишип жатканы мени абдан кубандырат. Бүгүнкү күндө аялзаты – үй-бүлө кутун, очогун сактоочу гана эмес, бардык кесиптин ээси, ошондой эле аялдар саясатчылардын, бизнесмендердин, ийгиликтүү адамдардын жана лидерлердин катарын толуктайт”, - деди Айгүл Жапарова.

Мындан башка биринчи айым аялдардын коомдук-саясий жана социалдык-экономикалык турмушка активдүү катышуусуна өзгөчө көңүл бурдуртту. Алардын тынчтыкты жана достукту сактоого кошкон салымы жана башка көптөгөн аракеттери, азыркы аялзатын өзгөчө статуска ээ кылып, жаңы максаттарды аныктап берди. Ал аялдардын социалдык ролу жөнүндө жаңы түшүнүктү калыптандырган чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн кыргыз аялдарын белгилеп өттү.

Ошондой эле Айгүл Жапарова Россияда жашаган мекендештерге көрсөткөн колдоосу үчүн россиялык тарапка ыраазычылык билдирди. Ошол эле учурда ал мигранттарга байланыштуу өзгөчө көңүл бурууну жана чечүүнү талап кылган бир катар маселелер бар экенин баса белгиледи.

Биринчи айым элдин бакубат жашоосу жана өлкөнүн өнүгүүсү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү - талыкпаган биргелешкен күч-аракет жана өз ара колдоо менен гана мүмкүн болорун белгиледи.

Өз кезегинде Кыргызстан Аялдар кеңешинин өкүлдөрү Айгүл Жапаровага көңүл бургандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, бул иш-чараны чыдамсыздык менен күтүп жатышканын белгилешти. Алар бир катар активдүү жана кайдыгер эмес аялдардын башын бириктирген эки тараптуу кыргыз-россиялык аялдар форумунун ийгиликтүү өтөөрүнө ишенимин билдиришти.