Маданият
Айдай АЛМАЗОВА, «Almazova» студиясынын негиздөөчүсү: «Ар бир айым бактылуу болууга татыктуу»
Элита плюс
Май 14, 2021 г.
Айдай АЛМАЗОВА, «Almazova» студиясынын негиздөөчүсү:  «Ар бир айым бактылуу болууга татыктуу»
© Элита плюс
Айдай АЛМАЗОВА, «Almazova» студиясынын негиздөөчүсү:  «Ар бир айым бактылуу болууга татыктуу»
© Элита плюс
Айдай АЛМАЗОВА, «Almazova» студиясынын негиздөөчүсү:  «Ар бир айым бактылуу болууга татыктуу»
© Элита плюс
Айдай АЛМАЗОВА, «Almazova» студиясынын негиздөөчүсү:  «Ар бир айым бактылуу болууга татыктуу»
© Элита плюс
Айдай АЛМАЗОВА, «Almazova» студиясынын негиздөөчүсү:  «Ар бир айым бактылуу болууга татыктуу»
© Элита плюс
Айдай АЛМАЗОВА, «Almazova» студиясынын негиздөөчүсү:  «Ар бир айым бактылуу болууга татыктуу»
© Элита плюс
Айдай АЛМАЗОВА, «Almazova» студиясынын негиздөөчүсү:  «Ар бир айым бактылуу болууга татыктуу»
© Элита плюс

Бүгүнкү «Асылзат» рубрикабыздын коногу, Кыргызстандагы жогорку деңгээлдеги бир канча суулуулар конкурсунун уюштуруучусу, «Almazova» студиясынын негиздөөчүчү, КРнын ардактуу айымы, дегеле ар тараптуу талант ээси Айдай Алмазова болмокчу.

Ата даңкы, эне баркы - балага дем

  • Бактылуу бала чактын даамын сезип, тырышчаак, өжөр болуп чоңойдум. Үй-бүлөдө 3 бир туугандын улуусу болгондуктан бала кезден тартып көпчүлүк учурда чоң жоопкерчилик менин мойнумда. Сиңдим менен иним аракетчил, тырышчаактык мүнөздөрү менен жакшы ийгиликтерди багындырып бизди кубандырып келишет. Атам дагы апам дагы өзгөчө идея, энергияга бай адамдар. Атам табиятынан колуна калем кармап ыр жазган адам. Мен дагы атамдын жолун жолдоп учурда ыр саптарын жазып келем. «Уядан эмнени көрсөң, учканда ошону аласың» дегендей, ата-энемдин бизге берген тарбиясы, айткан кеп-кеңеши, акыл-насааты көпчүлүк учурда пайдасын тийгизет. Учурдан пайдаланып ата-энемдин бизге берген камкордугуна, өзгөчө мээрими, татыктуу тарбиясына ыраазычылык билдирип, алардын биздин маңдайыбызда аман болсуусун тилейм.

Билим оошот, ырыс жугушат

  • Орто окуу жайды аяктагандан кийин атамдын сунушу менен БГУнун кыргыз- кытай тили факультетине тапшырып 5 жыл билим алдым. 2 жыл Кытай мамлекетинде жашап, окуп, иштегенге жетиштим. Азыр кытай тилин жакшы билем. Кесибим боюнча кытай тили боюнча консул жана дипломант. Жогорку окуу жайда окуп жүргөндө эле коомдук иштерге акивдүү катышып, уюштуруу иштерин колго алып, чыгармачылыкка да кызыкчумун. Ошол кезде эле өзгөчө идеяларды ойлоп таап, чоң иш-чараларды уюштурууну кыялданчумун. Кийин турмушка чыгып, балалуу болуп үйдө отуруп калганда ошол кыялдарымды ишке ашырууга жол ачтым. Алгачкы жолу «Мама года-2018» сынагын аз тажрыйбам, аз суммадагы акча менен уюштурсам дагы жогорку деңгээлде өткөн. Ошондо сынакка катышууну каалаган жаш энелердин көптүгү мени таң калтырган. Көрсө, ар бир айым үйдө бала багып отурабы, же жумуштабы айтор көпчүлүктүн көңүлүндө болуп ичинде катылып жаткан таланттарын жамгырдай жаадырып, өзөгөчө болгусу келет тура. Ал конкурста 3 жаш эне Дубай мамлекетине эс алууга жолдомо алып, барып келишти. Кийинки сынакты «Бабушка года» деген аталышта уюштуруп, ал да мен ойлогондон дагы жогорку деңгээлде өттү. Мына ошондон бери жыл сайын жаш энелер, чоң апалар, ханыша айымдар жана келиндер сынагын уюштуруу менен алекмин.

Ийгилик сыры

  • «Almazova» студиясы 2018-жылы кыргыз айымдарынын сулуулугун, улуулугун даңазалап ар кандай конкурстары уюштуу максатында негизделген. Аталышын атайын атамдын аты көпчүлүккө таанымал болсун, көп жерде аталып жүрсүн деген мааниде атап алгам. Ачыгын айтсам студияда жалгыз өзүм эмгектенем. Уюштуруу иштеринен тартып, пол жууганына чейин өзүм жетишем. «Көп суур ийин казпайт, казса дагы терең каспайт» деген кыргыздын макалы туура таамай айтылган. Жардамчыларым болгон, бирок, мен өз алдымча бир эле учурда көп жумушту алып кете алаарыма көзүм жеткендиктен, жалгыз иштөөнү туура көрдүм. Жаман эмес. Баардыгы өз нугунда. Эч качан чарчап, жетишпей калуу же жумуштун оорчулугу сезилбейт. Себеби, мен ар бир ишти жан дүйнөм менен берилип, сүйүп жасайм. Адам канчалык эмгек кылса сөзсүз анын мээнетин көрөт. Андан сырткары ар бир катышуучу айымдын мүнөзүнө жараша мамиле жасап, оюн угуп, аз да болсо жошоого болгон көз карашын оңдоп, конкурстан чоң мотивация алса дейм. Ошондуктан катышуучулардын бирин дагы таарынтып албастан баардыгына диплом, лента белектер берилип, сөзсүз 6-7 корона, 3-4 чет мамлекетке эс алууга жолдомо берүүгө аракеттенем.

Кыялдар орундалат

  • 10 жыл мурун «Сыналгыдан өзүмдү 1-2 мүнөт гана көрө алсам» деп кыялданчумун. Ошол кыялымды орундатуу үчүн кандай гана сынактарга катыштым. Эл алдына ырдап чыккым келчү. Бирок ырдай албайм деп ойлочумун. Жакында эле ошол кыялым орундалып 500 адамдын алдында чоң сахага чыгып кытай тилинде ырдадым. Демек адам алгач кыялданып анан ошол кыялдарга жетүү үчүн максат коюп, алдыга умтулса баарын жеңсе болот. Болбогон нерсе жок. Баары болот, болгону каалоо, аракет, күч болуусу шарт.

Бактылуулуктун чеги жок

  • Мен бактылуумун. Себеби, ата-энем аман-эсен маңдайымда. Алардын амандыгын күнү-түнү тилейм. Алла Таалам мага эне болуу бактысын насип эткенине ыраазымын. Учурда 7 жаштагы уулум, 4 жаштагы кызым бар. Аларга мээримимди төгүп, эркелетүү мен үчүн эң бактылуу мүнөттөрдүн бири. Сүйүктүү кесибим, айланамда мени курчап турган дос-курдаш, тааныш адамдарым менен сый-урматта болгомдун өзү эле бир бакыт.

Алдыда

  • Жасай турчу иштерим али алдыда. Акыркы учурда мени Кыргызстандын айымдары көп ойлондурат. Алардын жаркын жашоодо жашоосуна аз да болсо жол ачып, кылган аракетимден пайда алышса деген үмүтүм чоң. Буюрса көптөгөн долбоордун үстүндө иштеп жатам. Алардын ичинен «Ийгиликтүү айым», «Жубайлар» долбоорлорун ишке ашыруу менен алекмин. Ага чейин өзүмдүн калемимден жаралган ырларымды китеп кылып чыгаруу жана аны окуп тасмага түшүрүү. Көптөгөн ырларды жаздырып эл алдына ырдап чыгуу. Балдарымды блогерликке үндөп, аларга туура тарбия берүү жана өлкөдөгү белгилүү телеканалдардын бири менен биргеликтерде жаш талантууларды тандап алардын талантына жол ачуу…

Айымдарга кеп-кеңеш

  • Урматтуу кыргызымдын күчтүү айымдары! Эң биринчиден өзүңүздөрдү сүйөө билип, өзүңүздөрдү сыйлаңыздар. Өзүн сүйгөн айым өзүнүн айлансындагы адамдарга ошол сүйүүсүн арнай алат. Ошол эле баласына жолдошуна, ата-эне, бир туугандарына мээрин төгүп, жакшы маанай тартуулоого кудурети жетет. Кандай кырдаал, кандай учур болбосун ар бир айым бактылуу болууга татыктуу. Бактылуу болуңуздар!

Жазгүл ЖОЛДОШБЕКОВА