Маданият
Айбек АСАНБЕК уулу, журналист, тамада: “Алып баруучулук - туруктуу ишим, тамадалык - хоббим”
Элита плюс
Март 27, 2020 г.
Айбек АСАНБЕК уулу, журналист, тамада:  “Алып баруучулук - туруктуу ишим, тамадалык - хоббим”
© Элита плюс
Айбек АСАНБЕК уулу, журналист, тамада:  “Алып баруучулук - туруктуу ишим, тамадалык - хоббим”
© Элита плюс
Айбек АСАНБЕК уулу, журналист, тамада:  “Алып баруучулук - туруктуу ишим, тамадалык - хоббим”
© Элита плюс

“Бир кесиптеш бизде мейманда” рубрикабыздын бул жолку мейманы - Айбек Асанбек уулу. “Дарак бир жерден көгөрөт” демекчи, кесиптешибиз 2007-жылы "ЭлТР" телерадиокомпаниясынын астанасын аттап, ошондон бери үзүрлүү эмгектенип келет. 15 жылда эл сүймөнчүлүгүнө айланган, кызыктуу телеберүүлөрдү экранга алып чыккан. Алгач "Ырдайлы достор, ырдайлы" музыкалык долбоорун ишке ашырса, кийин "Кутман таң", "Ыр бермети" көрсөтүүлөрүн алып чыгып аталган каналдын музыкалык казынасын байытууда зор салым кошкон. Көп жылдык эмгеги үчүн «Маданияттын мыкты кызматкери», “ЭлТРдин мыктысы” төш белгилери менен сыйланган.

  • Айбек мырза, сиздин чыгармачылык жайыңыз кимден өткөн?

  • Мен Жумгалга жээнмин. Апам - Жумгалдын айтылуу Муратбек Рыскулов, Калык Акиев өңдүү залкарлар чыккан айылынын кызы. Суусунанбы, абасынанбы, айтор, апам дагы жакшы ырдайт. Бала кезден мен да ыр жандуу чоңойдум. Апамдын айтуусунда, кичинекей бөбөктөрүмдү чогултуп, аларды эл деп элестетсем керек, колума эмне тийсе микрофон кылып кармап алып ырдай берчү экем. Кийин мектепте да өздүк көркөм чыгармачылык ийримине катышып, хордо жана жекече ырдап жүрдүм. Таенем абдан сөзмөр киши болсо, таятам санжыраны мыкты билчү. Мен аларга кечинде “Манас” китебин окуп берчүмүн. Ошондон улам чыгармачылыкка жакындыгым тайларыман өтсө керек. Ал эми өзүмдүн туулган жерим - Нарын шаары, өзүңүздөргө белгилүү болгондой, ал жактан дагы кыргызга таанымал таланттуулар көп чыккан. Демек, менин таланттуу болушума ата журтумдун, тага журтумдун таасири тийип, өнөр жолуна ыктап калганым ошондон болсо керек.

  • Ал эми журналистика, алып баруучулукка кандайча аралашкансыз?

  • Мектепте окуп жүргөндө эле ар кандай иш-чараларды, концерттерди алып барчумун. Келечекте Жолдубай Кайыповдой мыкты алып баруучу болсом деп кыялданар элем. Сыналгыдан алып баруучуларды көргөндө телмире тиктеп, кандай бактылуу адамдар деп суктанчумун. Орто мектепти аяктаган соң советтик армияда кызмат өтөп мекенимдин алдында жигиттик парзымды аткардым. Бул чыгармачылык деген болбойт экен, ал жакта дагы жөн жүрбөй ар кандай чыгармачылык иш-чараларга катышчумун. Кийин А. Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрынын алдындагы студиядан сабак алдым. Агайым СССРдин Эл артисти атактуу Артык Мырзабаев мага билгенин үйрөтүп талантыма түрткү берди. Жалындаган студенттик күндөрдө да ар кандай иш-чараларды, концерттерди алып барчумун. Ошондой күндөрдө белгилүү диктор Тамара Алсейитова мени көрүп калып чакырып, радиодо ар кандай рубрикалардын тексттерин окууну сунуштады. Сабактан кийин бош убактымда сөз байлыгымды, акыл сезимимди курчутуучу ар кандай жанрдагы китептерди окуп, теледен жана радиодон Гүлшан Молдоева, Бактыбек Мамытов өңдүү дикторлорду көрүп таасирленип, бул тармакка болгон кызыгуум ого бетер күчөдү. Ал эми журналист болуума бүгүнкү иштеген жерим “ЭлТР” телеканалы себеп болду. Аталган телеканалдан көптү үйрөнүп, көптү билип, айтор, мага чоң бир мектеп боло алды. “ЭлТРдин” босогосун 2007-жылы аттап, Кудайга шүгүр, ошондон тарта эмгектенип келем. Алгач бул телеканалга музыкалык долбоорлор керек деген жарнаманы угуп, өзүмдү сынап көрсөм деп “Ырдайлы достор, ырдайлы” деген музыкалык долбоорду алып келсем, Султан Абдырахманов жактырып дароо ишке алган. Ошентип, ЭлТРдеги алгачкы ишим башталып журналистикага сапар алгам.

  • Кичинеңизде актёр болгуңуз келчү экен, актёр эмес, алпаруучу болуп калганыңызга өкүнбөйсүзбү?

  • Ооба, бала кезден актёр болууну да кыялдангам. Мектепте өткөн ар кандай иш-чараларда ырларды көркөм окуп, монологдорду айтып мугалимдердин сүйүктүү окуучусу элем. Келечекте ким болорумду сурашса, дароо “актёр” дечүмүн. А. Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрынын алдындагы студияда окуп жүргөндө актёрлук чеберчилик сабагына калбай барып, актёрлук өнөрүмдү жакшы эле сынадым. Бирок кийин болбой эле алып баруучулукка кызыгып кеттим. Ал эми актёр болуу менин кыялым бойдон калды. Кээде сахнада ойноп жаткан актёрлорду көрүп абдан суктанам.

  • Музыкалык ар кандай иш-чараларды, концерттерди алып барып жүрөсүз. Өзүңүз да бул чөйрөгө аралашып ырдап келесиз. Искусствонун дагы кайсы түрүнө кызыгасыз?

  • Биз бала кезде индия тасмалары аябай мода болчу. Аларды көрүп биз дагы шыктанып, баарыбыз ырдап, бийлегенди жактырчубуз. Өзгөчө мен кандай бий болсо да аны кайра досторумдун алдында бийлеп берчүмүн. Фантазияма жараша ар кандай ыкмаларды кошуп бийлегенимди көргөн досторум да кызыгып, аларга да бий үйрөтүп калдым. Азыр дагы бийлегенди жакшы көрөм. Анча-мынча тойлордо башкалардан кем калбай бийлеп коём. Тамаша. Чындыгында, искусствонун ушул бий түрүнө жана актёрлукка кызыгам. Бир тасмага тартылып эпизоддук роль жараткам. Аны көргөн тааныштарым жакшы пикир айтышкан. Бирок ал өзүмө жаккан эмес.

  • Он беш жылга жакын теле экранда жүрүп эмне таап, эмне жоготтуңуз?

  • “ЭлТР” телеканалыбыз там-туң баскан баладай күн сайын телчигип отуруп азыр өлкөдөгү абройлуу чоң мамлекеттик каналга айланды. Ушул жайга эч нерседен кабарым жок келип көп устаттардан билим алдым. Мен дагы бүгүнкү күндө өзүмдөгү болгон нерсени, билгенимди жаштарга үйрөтүп жатам. Теледе иштөө ары жоопкерчиликтүү, ары түйшүктүү. Ар бир программа чоң жоопкерчиликти талап кылат. Телеге келип көп жакшы адамдарды таптым, мыкты деген устаттардан сабак алдым. Бейшенбек Бекешов, Жайнагүл Максимова, Калия Карыбекова, Сталбек Абдыраев, Бейшенбек Калыков өңдүү агай-эжелерим чоң жол көрсөтүштү. Алардын эмгегин актасам деп күн сайын элиме кызмат кылып келем.

  • Экранда, эл алдында жүрөсүз. Өзүңүздүн келбетиңизге, дене түзүлүшүңүзгө, үнүңүзгө кандай кам көрөсүз?

  • “Убакыт - улуу мугалим” дегендей, билинбей эле теледе иштегениме 15 жылдын жүзү болуп калыптыр. Чынында, теле экран сулуулукту, акылдуулукту талап кылат. Бирок келбетиме атайылап деле кам көрбөйм. Эң башкысы эрте турам, эфирге чыга турган күнү дене тарбия көнүгүүлөрүн жасап дене боюмду керип алам. Жакындан бери атайын залга барып ден соолугумду чыңдап жатам. Ал эми алып баруучунун башкы куралы үн эмеспи, ошол үчүн үнүмдү сактайм.

  • Тамадалык, алып баруучулуктан сырткары дагы кайсы тармакта өзүңүздү көргүңүз келет? Тамадалык менен алып баруучулуктун сиз үчүн айырмасы кандай, кайсынысы жүрөгүңүзгө жакын?

  • Тарбияданбы же табиятым ушундайбы, айтор, башкалардай болуп жулунганды билбейм. Ашыкча эле жулуна бергендерди деле туура көрбөйм. Кошумча каражат табуу максатында кээде тамадалык кылып турганым менен баш-отум менен деле киришип кеткеним жок. Туугандарым, кесиптештерим, жакын санаалаш адамдарымдын сунушу менен айрым учурда жакшылыктарын алып барып берем. Негизи телевидениеде алып баруучулук иш менен алекмин, анткени ал - менин башкы максатым. Эл тамада болсо эле тамада болуп калган жокмун. Бакыт Букаев, Кубик Калыков, Эшенкул Барпиев аталарым түрткү болуп бул тармакка кызыгуумду арттырып, жол ачып беришти. Той алып баруу деле оңой-олтоң иш эмес, ал үчүн кеп куржунуң өтө бай, кенен болушу зарыл. Тактап айтканда, алып баруучулук туруктуу ишим болсо, тамадалыкты хобби катары көрөм.

  • Алгачкы экранга чыкканыңыз эсиңиздеби, кандай толкундоолор болгон?

  • Ооба, ал күндү кантип унутайын, күнү бүгүнкүдөй эсимде. Мени алгач жаңылыктарга диктор катары кабыл алышкан. Бирок режиссёрлор “сиздин жүзүңүз жаңылыктарга болбойт экен, себеби күлмүңдөп турган жүз жаңылыктар берүүсүнө жарабайт” дешип маданий көрсөтүүлөргө сунуштаган. Ошентип, Төлөгөн Касымбеков, Сатыбалды Далбаев өңдүү залкарларды чакырып алгач «Биздин мейман» көрсөтүүсүн алып баргам.

  • Тойдогу же съёмкада болгон кызыктуу, күлкүлүү окуялардан айтып берсеңиз.

  • Алгач съёмкага чыкканда интервьюну кантип алышты билбей көп кызыктарга күбө болгом. Кээде интервью ала турган каарманымды да уктурууга чакыра албай убара болгонум бүгүнкү күнгө чейин эсимден кетпейт. Бир жолу белгилүү эле эжени интервьюга чакырып, аны менен уюлдук телефондон эле байланышып, өзүн көрбөгөндүктөн эжени тааныбай, күттүргөнүм мага журналистикада чоң сабак болгон.

  • Үй-бүлөңүз, жубайыңыз туурасында айтсаңыз. Жеңебиз менен качан, кантип таанышкансыздар, канча баланы тарбиялап келесиздер?

  • Мени бактылуу кылган - бул үй-бүлөм. Кечинде жылуу тосуп алган келинчегимден, сагынып күтүп алган балдарымдан артык бакыт болбосо керек. Келечекте татыктуу уул-кыздарды тарбияласам, мен үчүн ошол чоң жеңиш. Талантымдын артынан тапкан жубайым ишимди дайыма түшүнүү менен кабыл алат. Экөөбүз бактылуу турмуш кечирип келебиз.

  • ТВнын айлыгы менен жан багып, үй-бүлөнү камсыздоого болобу? Же чыгармачылыктан башка да киреше булагыңыз барбы?

  • Теледен тапкан алгачкы маянам 200 сом болчу. Аным кийин 600 сом болду. Мен айлыкты 1-орунга койбойм, мага ушул жерде иштеген жагат. Ошол себептен үйгө караганда теледе көп убактымды өткөрөм. Экинчи үйүм десем дагы болот. Ушул жерден көп бир туугандарымды таптым. Бир күн келбей калсам сагынып калам. Бирге иштеген ардактуу кесиптештеримдин ар бирин жакшы көрөм.