Эл өкүлү
Аида КАСЫМАЛИЕВА, ЖКнын төрагасынын орун басары: "Катуу көзөмөл, темирдей тартип гана ишти алдыга жылдырууда"
Элита плюс
Май 26, 2020 г.
Аида КАСЫМАЛИЕВА, ЖКнын төрагасынын орун басары: "Катуу көзөмөл, темирдей тартип гана ишти алдыга жылдырууда"
© Элита плюс

Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Аида Касымалиева, депутат Сагындык Келдибаев менен биргеликте Өзгөн районунун айылдарына берилүүчү таза суу долбоорунун курулуш иштеринен кабар алышты.
Алгач Ынтымак айылынын таза суу кампасына барышты. Курулуш иштерин жүргүзүп жаткан ишкананын эл өкүлдөрүнө берген маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө Ынтымак айылына таза суу күнүнө эки сааттан берилүүдө. Ал эми жергиликтүүлөр суу толук кандуу чыкпай жатканын, курулуш компания тарабынан келтирилген одоно кемчиликтер көп экендигин билдиришти.
Мындай көрүнүш Кароол айыл аймагын таза суу менен камсыздоо иштеринин жүрүшүндө да белгилүү болду. Бул аймакка таза суу долбоору башталганына үч жыл болгондугуна карабастан, бүгүнкү күнгө чейин элге суу берилбей келет.
Вице-спикер Аида Касымалиева таанышуу учурунда элди ичкен суусуз калтырып, өз жоопкерчилигин сезбей жаткан ишканалар жоопко тартыларын билдирди.
"Биз бул кезге чейин Ынтымак айылына да, Кароол айыл аймагына да таза суу берүү боюнча жумуштарды өзүбүз катуу көзөмөлдөп артынан түшүп гана бүткөрдүк. Эгерде катуу көзөмөл болбогондо эл суусуз калып, мамлекеттин миллиондогон акчасы кумга сиңип кетмек. Мындай жоопкерчиликсиз курулуш ишканаларын тиешелүү органдар текшерип, темирдей тартипке салышы керек"-деди Аида Касымалиева.
Жыйынтыгында таза суу 10-июнга чейин элге толук кандуу берилерин курулушчулар эл өкүлдөрүнө убадалашты.