Эл өкүлү
Аида КАСЫМАЛИЕВА, ЖКнын төрагасынын орун басары: “Дарыгерлерди турак-жай менен камсыздоо зарыл” (видео)
Элита плюс
Июнь 11, 2020 г.
Аида КАСЫМАЛИЕВА, ЖКнын төрагасынын орун басары:  “Дарыгерлерди турак-жай менен камсыздоо зарыл” (видео)
© Элита плюс

Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Аида Касымалиева карантин мезгилинде медицина кызматкерлеринин эмгеги чоң болгондугун баса белгилеп, алардын айлык акысын көтөрүү маселесин карап чыгууну өкмөткө тапшырды.

Вице-спикердин айтымында, дарыгерлер оор күндөрдө өз өмүрүнөн да элдин ден-соолугун биринчи орунга коюп, бир да медицина кызматкери жумушун таштап кеткен жок. Эмгек акысынын аздыгынан турак-жай ала албай жаткан дарыгерлердин саны көп.

“Бул мезгилге чейин, үй-бүлөлүк дарыгерлердин маянасы көтөрүлгөн. Бирок медицина кызматкерлеринин эмгек акысынын базалык бөлүгү көтөрүлгөн эмес. Экинчиден, азыр ар кандай эл аралык уюмдардын колдоосу менен аймактарда социалдык турак-жайлар курулуп жатат. Ал фонддор менен кызматташуу аркылуу, ири шаарларда, райондордо атайын дарыгерлерге атап, социалдык үйлөрдү куруп берсе болот. Бул жерде мамлекеттен эч кандай акча каражатын сарптабай туруп, дарыгерлерди үй менен камсыз кылганга мүмкүнчүлүк бар. Ошондой эле, чоң шаарларда канчалаган курулуш компаниялары көп кабаттуу үйлөрдү салууда. Алар менен сүйлөшүү аркылуу деле медицина кызматкерлерине үй алып берсе болот. Биз медицина кызматкерлерине жакшы шарт түзүп берүүгө милдеттүүбүз. Анткени алар оор кырдаалдарда иштешти”, - деди Аида Касымалиева.

Мындан сырткары, мамлекеттик ипотека мугалимдерге, дарыгерлерге багытталганы менен алар ала албайт. Анткени алдын ала төлөнүүчү 30% төлөмү жок болууда. Аны топтогонго аракет кылганы менен да аз маянанын айынан чогулта алышпайт. Андыктан эмгек акысы аз дарыгер жана мугалимдерге ипотекалык турак-жай берүүнү өзүнчө карап чыгуу зарыл экендигин кошумчалады.