Парламент
Аида Касымалиева: Кечээ эле бийликте жүргѳндѳрдүн бүгүн бийликти сындагандары туура эмес!
Элита плюс
Сентябрь 14, 2020 г.
Аида Касымалиева: Кечээ эле бийликте жүргѳндѳрдүн  бүгүн бийликти сындагандары туура эмес!
© Элита плюс

Бул тууралуу «Биримдик» демократиялык социализм – евразиялык тандоо» партиясынын Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкери, ЖКнын вице-спикери Аида Касымалиева партиянын Кара-Буура районунун эли менен болгон жолугушуу учурунда айтты. Ѳз сѳзүндѳ ал айрым партиялардын талапкерлерин сынга алып ѳттү.

«Көпчүлүк коалициянын курамында отуруп, бийлик тутумунун түзүлүшүнө түз тиешеси бар, өмүр бою бийликте жүрүп,  мамлекетти тоноп, өлкөнү кыйын кырдаалга кептеп койгондор, кайра бийликке келиши үчүн элдин башын айландырып, ар кандай ушак кептерди айтып, учурдагы бийликти сынга алып, сырттан карап отурушат. Буларга кантип ишенүүгө болот? Булардын бир гана максаты бар. Ал -  эптеп бийликке ээ болуу. Эл булардын чыныгы жүзүн билет», -  деди А. Касымалиева.

«Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү.