Саясат
Аида Исмаилова Кыргызстанга келген россиялык дарыгерлердин тобу менен жолугушту
Элита плюс
Июль 24, 2020 г.
Аида Исмаилова Кыргызстанга келген россиялык дарыгерлердин тобу менен жолугушту
© Элита плюс

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова Кыргызстанга келген россиялык дарыгерлердин тобу менен жолугушту. Алардын арасында реаниматологдор, инфекционисттер, пульмонологдор жана отоларингологдор бар. Дарыгерлер аймактарга барышып, жеринде коронавирустук инфекцияга кабылган бейтаптарды дарылоого катышат, ошондой эле дарыгерлер үчүн вебинарларды өткөрүшөт. Аида Исмаилова белгилегендей, россиялык тараптын колдоо көрсөтүүсү эки өлкө элинин ортосундагы чыныгы достук мамилелердин далили катары саналат. Ал россиялык дарыгерлерге, Россия Федерациясынын Саламаттык сактоо министрлигине жана Россия Федерациясынын элчилигине COVID-19га каршы күрөшүүдө көрсөткөн көмөгү үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле Россиялык делегация Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигине 50 миң иликтөөгө керектелген ПЧР-тесттерди жана реагенттерди берди.