Саясат
Аида Исмаилова аутизм менен жабыркаган балдардын ата-энелеринин коомдук бирикме борборуна барды
Элита плюс
Август 17, 2020 г.
Аида Исмаилова аутизм менен жабыркаган балдардын ата-энелеринин коомдук бирикме борборуна барды
© Элита плюс
Аида Исмаилова аутизм менен жабыркаган балдардын ата-энелеринин коомдук бирикме борборуна барды
© Элита плюс

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова 2012-жылдын сентябрь айында негизделген «Рука в руке» аутизм менен жабыркаган балдардын ата-энелеринин коомдук бирикме борборуна барды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Аталган борбордо аутизмдин ар-кыл формасынан жабыркаган балдар даярдыктан жана абилитациядан өтөт, ошондой эле мында ата-энелер, медициналык жана социалдык кызматкерлер үчүн семинарлар жана тренингдер өтөрүлөт.

Аида Исмаилова балдарды натыйжалуу адаптациялоо жана социалдаштыруу үчүн дартты эртелеп аныктоо жана кийлигишүү боюнча долбоор менен таанышып чыкты.

Борбордун жамааты менен жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 31-январындагы №675 токтому менен бекитилген «Жаранды ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү адам деп эсептөө жөнүндө жобого» өзгөртүү киргизүү маселеси талкууланды.