Аймактар
Адылбек Касымалиев Нарын облусунун ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн кеңейтилген коллегиялык кеңешмесине катышты
Элита плюс
Февраль 08, 2023 г.
Адылбек Касымалиев Нарын облусунун ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн кеңейтилген коллегиялык кеңешмесине катышты
© Элита плюс

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн кеңейтилген коллегиялык кеңешмесине катышты.

Жыйындын жүрүшүндө облустун 2022-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, ошондой эле үстүбүздөгү жылга карата пландары каралды.

Министрлер Кабинетинин башчысынын биринчи орун басары 2023-жылдагы иштин негизги багыттарын жана облустун инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн белгиледи.

«Нарын аймагы пайдалуу кендерге бай жана мал чарбасын өнүктүрүүгө мыкты шарттарга ээ экендигин эске алсак, экономикалык өнүгүү борборлорунун бири боло алат. Туура башкаруу ыкмасы аркылуу Нарын облусунда динамикалуу өнүгүүгө жана жарандардын бакубаттуулугун жогорулатууга бардык мүмкүнчүлүктөр бар», - деди Адылбек Касымалиев.

Коллегиянын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешевдин маалыматы угулду.

Коллегиянын жыйынтыгында Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары бир катар тапшырмаларды берди, тактап айтканда, үстүбүздөгү жылдын 20-февралына чейин айылдарды жана айыл өкмөттөрдү өнүктүрүү Пландарын сунуштоо, мал чарбасы жана дыйканчылыкты өнүктүрүү жаатында “сандан сапатка өтүү” принцибине өтүү, ошондой эле балык, асыл тукум мал чарбасы, экотуризм сыяктуу "альтернативдик" багыттарды өнүктүрүүгө көңүл буруу боюнча тапшырмалар берилди.

Адылбек Касымалиев белгилегендей, алдыга коюлган максаттарга жетүү үчүн облустун жалпы калкынын колдоосу зарыл.

«Ар бир жарандын ишенимин чыныгы иштер менен актоо керек. Практикалык маселелерге басым жасаңыздар. Мамлекет эл үчүн иштеши керек”, - деп жыйынтыктады Адылбек Касымалиев.