Шоу дүйнө
Адилет ЖУМАШЕВ, ырчы: “Жандуу ырдоодон ырахаттанып, эс алып калам”
Элита плюс
Март 26, 2020 г.
Адилет ЖУМАШЕВ, ырчы: “Жандуу ырдоодон ырахаттанып, эс алып калам”
© Элита плюс
Адилет ЖУМАШЕВ, ырчы: “Жандуу ырдоодон ырахаттанып, эс алып калам”
© Элита плюс
Адилет ЖУМАШЕВ, ырчы: “Жандуу ырдоодон ырахаттанып, эс алып калам”
© Элита плюс
Адилет ЖУМАШЕВ, ырчы: “Жандуу ырдоодон ырахаттанып, эс алып калам”
© Элита плюс
Адилет ЖУМАШЕВ, ырчы: “Жандуу ырдоодон ырахаттанып, эс алып калам”
© Элита плюс
Адилет ЖУМАШЕВ, ырчы: “Жандуу ырдоодон ырахаттанып, эс алып калам”
© Элита плюс
Адилет ЖУМАШЕВ, ырчы: “Жандуу ырдоодон ырахаттанып, эс алып калам”
© Элита плюс
Адилет ЖУМАШЕВ, ырчы: “Жандуу ырдоодон ырахаттанып, эс алып калам”
© Элита плюс

Келечектен көптү үмүт арттырган, мукам үндүү жаш талант Адилет Жумашев өтө жөнөкөй жана кичи пейил жигиттердин бири. Жакында эле таза, булбул үнү, тубаса таланты менен “Асман” теледолбоорунун финалына чыгып, бир топ күйөрмандарды топтоп, калк ичинде кадыр-баркка ээ боло алды.

-Адилет, өзүңдү тааныштырсаң...

-Мен 1992-жылы Бишкек шаарында төрөлгөм. 2009-жылы Чыңгыз Айтматов атындагы №1-лицейди бүтүп, М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайына тапшыргам. 2014-жылы аталган окуу жайды ийгиликтүү аяктап, музыкалык билимимди тереңдетүү максатында К.Молдобасанов атындагы Кыргыз Улуттук Консерваториясына тапшыргам. Учурда 5-курста окуп жатам. Үч бир туугандын улуусу жана сулуусумун. Бойдокмун. Жашоодогу урааным - туруктуулук, чынчылдык, адилеттүүлүк. Кичинемден чыгармачылыкка аралашып, ар кандай конкурстарга катышып келем. Алгачкы жолу чоң сахнага 2013-жылы чыккам. Алма-Атада, Түркияда, Москвада, Хорватияда өткөн эл аралык фестивалдарга катышып, бир топ ийгиликтерди багындыргам. Моцарт атындагы классикалык конкурста баш байгени уткам. 2015-жылы сентябрда “Алтын микрофон” конкурсунун финалисти болдум. Спорт тармагында да активдүүлүгүмдү көрсөтүп, кыргыз эстрада ырчы мырзаларынан түзүлгөн футбол боюнча курама командасында ойноп, Москва шаарында өткөн “Арт футбол” чемпионаттыгына катышкам. Ошондой эле кайрымдуулук концерттерге активдүү катышып, өз салымымды кошуп келем. Ар бир сынакка катышуу тажрыйба топтоого жардамын берет жана стимул жаратат.

  • “Асман” теле долбооруна кантип катышып калдың?

-Социалдык тармактарда аталган долбоордун рекламасы чыкканда катышууга кызыгуум пайда болду. Андан тышкары чыгармачыл чөйрөдөгү тааныштарымдын сунушун эске алып, долбоорго бет алдым. Кастингде жалпысынан 100дөн ашуун катышуучу бар эле. Алар иргелип отуруп 60ка чукул катышуучу ат салыштык. Телевизиондук долбоор болгондуктан 4 ай жана даярдануу иштерин эске алганда жалпысынан 6 айга созулду.

-Сынакта аткарган ырларыңды ким тандап берди?

-Бул сынактын шарты менен тандалды. Сынактын музыкалык редакторлору Азамат Асылбашев жана Эля Примбердиева тандап беришкен. Алар конкурсанттардын репертуарын аныктап турушту. Биздин ар бир кыймылыбыз алардын багытына жараша болду.

  • “Аиша” аттуу чыгарманы мыкты деңгээлде жандуу үн менен аткардың, бул ырды кандайча ырдап калдың?

-Аталган чыгарманы аткараардан мурун өзүмө жаккан ырларды сунуштасам, жетекчилер конкурстун шартына туура келбестигин айтышкан. Сынактын жүрүшүндө дүйнөлүк популярдуу ырларды аткаруу керек болгондуктан музыкалык редакторлордун сунушу менен “Аишаны” тандап алып, ошону аткардым.

  • Репертуарың кайсы стилдеги ырлардан куралган?

-Опера жанрынан сабак алгандыктан оор жанр аталган классикалык жана эстрада жанрындагы чыгармаларга жакынмын. Себеби үнүң опера жаатына жакын ырларга дал келип калат. Бирок буга карабай назик ырларды да ырдап жүрөм. “Аиша” назик ырлардын катарына кирет. “Асман” теле долбоорунда калыстар тобу тарабынан мыкты деп бааланган “Аишаны” аткарып даярданууга убакыт тар болду. Ошентсе да болгон аракетим менен өз деңгээлине жеткирүүгө аракеттендим. Кудайыма шүгүр, калыстар тобунун, ал жердеги көрүүчүлөрдүн купулуна толду. -Финалда калыстар тобунун көпчүлүгү сага добушун берип, мындан кийин сенин күйөрманың болоорун да жашырышкан жок. Бирок, тилекке каршы сырттан берилген добуштун жыйынтыгы менен 3-орунга ээ болдуң? Бул сени канааттандырдыбы же... -Кандай сынак болбосун биринчиликти самайсың. Аталган сынак жарым жылга созулгандыктан, катышуучулардын баары бир туугандай, ынак достук мамиледе болуп калганбыз. Ошондон уламбы, айтор бул убакыттагы башкы максат биринчилик эмес эле, ага катышуу болуп калат экен. Күчтүү талапкерлер менен ат салышуу мыкты тажрыйба топтоого өбөлгө түзөөрүн сездим. Башкысы эл тараза, эл сынчы. Элдин баасы, элдин ишеничи мен үчүн тоодой бакыт. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, мени ушул эрезеге жеткирген ата-энеме, Күреңкеевдеги опера жанрындагы устатым Тажыбаева Анара Жусупбековнага, Консерваторияда беш жыл окуткан Шипулина Марина Сергеевнага жана канчалаган таланттардын талантын ачууга зор салым кошкон “Асман” теледолбоорунун уюштуруучуларына, КТРКга терең ыраазычылыгымды билдирем.

-Түз эфирде, калыстар тобунун алдында жандуу ырдоо кандай сезимдерди жаратты?

-Жандуу ырдоонун ырахатын сөз менен айтып жеткире албайм. Жандуу ырдоо менен моокумум канып, эс алып калам. Тойлорго, ар кандай иш-чара, кечелерге чакыруулар болгондо жалаң жандуу үн менен ырдайм. Фонограмма менен ырдоону жактырбайм. Себеби, жандуу ырдоо күнүмдүк машыгуу ыкмасына кирет десем да жаңылышпайм. Ошондой эле, учурда үн жаздыруучу студияда иштеп, тажрыйба топтоп жатам. “Асман” теледолбооруна катышкандан бери тойлорго, ар кандай иш-чараларга келип ырдап берүүм үчүн чакыруулар көбөйүүдө. Кайрымдуулук концерттерге чакырып калышса, Алланын ыраазычылыгы үчүн баш тартпастан келип ырдайм. Колдон келген жардамдан кол үзгүм келбейт. Бирөө жардамга муктаж болуп турганда кол сунуп, жардам берүү ар бирибиздин милдетибиз.

-Жандуу үн менен ырдоодо кылдаттык талап кылынат. Андыктан ыңгайсыз учурлар, кызыктуу окуялар көп кездешсе керек?

-Ооба көп кездешет. Акыркы эле ыңгайсыз абалымды айтып берсем. “Асман” долбоорунун финалында “Апакем” деген ырды ырдап жатсам, микрофонго жармашып калган узун чач оозума кире баштады. Аны көрүп турсам да колум менен ала албай, ыңгайсыздандым. Чач улам ырдаган сайын оозума кире берди. Эгер ырымды токтотуп чачты алсам күйөрмандарым кандай ойдо калат эле? Тамагымдын кычышканына карабай ырдай бердим. Эптеп ырдап бүтүп, апакемдин образын жараткан апанын алдына башымды жөөлөп алып, жоолугунун учу менен оозумду жаап, чачты тартсам да чыкпайт. Айлам жок. Сахнадан ал апаны узатып, апаларга ыраазычылыгымды айтканда үнүм каргылданып, ишенсеңиз араң сүйлөдүм. Нурзат эже сахнанын артына узатканда чуркап чыгып, окшуй бердим. Бирок чач чыккан жок. Ыңгайсыз абал жаралды. Бирок, сахнанын сүрүбү айтор, кийинки номурларды аткарууга кезек келгенда бул абал өзүнөн-өзү жоголду. Мындай ыңгайсыз абалда колдогон Кудайыма ыраазымын.

-Алдыдагы чыгармачылыгыңда дагы кандай жаңылыктар күтүлүүдө...

-Жаз айларында боло турган “Голос” кароо сынагына катышууну пландап жатам. Алардын койгон өз талаптары бар. Ошентсе да, адам баласынын колунан келбеген нерсе жок. Андыктан кандай стилдеги ырлар сунушталса да, аны толугу менен аткарууга бел байлап, камданып турам. Ошондой эле Кудайым берген талантым менен келечекте өлкөбүздөгү эле эмес, чет мамлекеттердеги кароо сынактарга да катышып, ал жактан ийгиликтерди багындырып, Кыргызстандын желегин бийикке желбиретсем деген чоң-чоң максаттарым бар. Бир жаралган жашоодо искусство тармагынан болсо да элим-жерим үчүн кызмат кылгым келет.

Турат КАСЫМБЕКОВ, “Асман” теледолбоорунун калыстар тобунун мүчөсү:

“Адилет баарыбызды жашытты”

-Адилеттин 4-5 жылда жылдызы жанат. Мыкты аткаруучу, вокалист. Конкурс учурунда ар бир аткарган ыры жүрөктөн чыгып жатканын баарыбыз байкадык. “Апакемди” аткарып жатканда зал ичи көзүнө жаш алды. Ал тургай мен да көз жашымды кармай алган жокмун, ыйладым. Минтип ырдоого чоң баатырдык керек. Адилет эч кимге окшошпогон таланты менен келечекте көптү багындыра алат деп ишенем.

Каныкей, жеке ырчы, “Асман” теледолбоорунун калыстар тобунун мүчөсү:

“Театралдык талантына да баа бердим”

-Адилет ар бир аткарган ырында ээн талаада тургандай болду. Түз эфир экенине карабай аткаруу чеберчиликке кирип, мыкты образ жаратты. Карап олтуруп театралдык талантына да баа бердим, бул сахнада ырчылар үчүн чоң олжо. Ар бир кыймылы театрга ылайыктуу экен. Андыктан, Адилет роль жаратуу үчүн өзүн тасма талаасында да сынап көрсө, мыкты актёр болушу да толук мүмкүн. Азыр жаш, сулуу, келечеги алдыда.

Кайрат ПРИМБЕРДИЕВ, жеке ырчы, “Асман” теледолбоорунун калыстар тобунун мүчөсү:

“Сахнадагы сүрдөнүүнү элге билгизбейт”

-Негизи конкурстун катышуучулары эл алдында, түз эфирде жандуу үн менен ырдоодо абдан сүрдөнүшөт. Адилетте мындай кысынуу жок, сахнада өзүн эркин алып жүрөт. Ырдоо жагына кайрылсам, үнү калыптанып, жогорку деңгээлдеги ырчылардан кем калышпайт. Музыкалык билими да жогорку, буйруса Адилеттен келечекте көптү үмүт артсак болот. Ыр тандоо стилинде салмактуу, элге жагымдуу чыгармаларды иргей алат.

Эля ПРИМБЕРДИЕВА, “Асман” теледолбоорунун музыкалык редактору:

“Адилет төгөрөгү төп келген жигит”

-Адилет учурда профессионалдык деңгээлге жетип калды. Музыкалык билими терең, таланты, үнү мыкты. Чынында финалга чыккан үч катышуучу тең 1-орунга татыктуу болчу. Адилеттин 3-орун алышы элдин добуш берүүсүнө жараша болду. Ачык-айрым, шатыра-шатман, келечеги кең жигит. Адилеттин төгөрү төп келишип турат, андан ийгиликтүү ырчы чыгышына бекем ишенем. “Элита плюс”, 2018-жыл, февраль.