Саясат
Абылгазиев: Жарандардын өздөрүнүн коопсуздугу үчүн коменданттык саатты бекем сактоо керек
Элита плюс
Март 28, 2020 г.
Абылгазиев: Жарандардын өздөрүнүн коопсуздугу үчүн коменданттык саатты бекем сактоо керек
© Элита плюс

Жарандардын өздөрүнүн коопсуздугу үчүн коменданттык сааттын эрежелеринин сакталышын көзөмөлдөө керек. Бул маанилүү, ансыз коронавирус инфекциясынын жайылышын токтотуу мүмкүн эмес. Мындай пикирин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.

Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары – Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев борбор калаадагы учурдагы абал тууралуу маалымат берди.

«Киргизилген тыюу салуулар бардык жарандарга белгилүү бир оңтойсуздуктарды жаратып жатат. Бирок бул убактылуу чектөөлөр жана өзүбүздүн коопсуздугубуз үчүн зарыл. Өзгөчө режим абалы киргизилген шаарлардын жана райондордун калкы киргизилген чектөөлөрдү түшүнүү менен кабыл алып, белгиленген эрежерлерди сактап башташты. Комендатуранын жана кээ бир мамлекеттик органдардын ишинде системалуу айрым бир кемчиликтер бар. Аларды мүмкүн болушунча ыкчам четтетүү керек», - деди Абылгазиев.

Өкмөт башчы борбор калааны азык-түлүк, күнүмдүк керектөө товарлары жана дары-дармектер менен камсыздап жаткан ишкерлер үчүн тоскоолдуктарды тезинен жоюу зарылдыгын белгиледи.

«Айрым дүң соодагерлер кампаларга жете албай, сатыкка чыгаруу үчүн товарларын алып кете албай жатышканын айтышууда. Биз чекене саткан дүкөндөргө товарларды убагында жеткирүү үчүн кампаларга барууга уруксат беришибиз керек. Бирок сатуучулардын социалдык жоопкерчилиги бар экендигин да унутпоого тийишпиз. Бааларды көтөрүп же соода түйүндөрүн жөн эле жаап койгон болбойт. Ошондуктан Бишкек шаарынын комендатурасы мындай фактыларды аныктап, бузуучуларды өзгөчө абал маалында мыйзамга ылайык жазалоого тийиш. Ошону менен бирге дагы бир ирет белгилей кетсем, бүгүнкү күнү азык-түлүк продуктулары жетиштүү. Күнүмдүк керектөөдөгү продуктулар ташылып келген өлкөлөр менен чек ара ачык, жүк ташыган унаа каражаттары тоскоолдуксуз өтүп жатышат», - деди.

Премьер-министр медицина кызматкерлерин бардык зарыл нерселер менен камсыздоо зарылдыгын баса белгиледи.

«Кайдыгер эмес жарандар жана медицина кызматкерлеринин туугандары тараптан даттануулар абдан көп. Дагы бир ирет эскерте кетейин, медицина мекемелеринин кызматкерлери посттордон тоскоолдуксуз өтүүгө тийиш. Алар ошондой эле бир жерден экинчи жакка жөө барбай, транспорт менен камсыздалышы керек. Медицина кызматкерлерин транспорт менен камсыз кылуу жоопкерчилиги, алардын кыймылынын марштруттарын түзүү ар бир медициналык мекеменин башкы дарыгерлерине жүктөлгөн. Бирок алар бул иштерди жасабагынын көрүп турабыз. Илдетти жуктуруп алгандарды дарылоо боюнча токтолсок, кыска мөөнөттө алар менен байланышта болгондорду издеп-табуу жана санын тактоо иштерин бүтүрүү керек. Алар вирустук инфекцияны таратышы мүмкүн деген тобокелдик бар», - деди ал.

Абылгазиев өзгөчө абал режими учурунда мамлекеттик органдардын көпчүлүк кызматкерлери үйдөн иштөөгө өтүүсү керектигин эскертти. Муну менен катар алар коронавирус инфекциясынын мындан аркы жайылуусуна жол бербөө максатында гигиенаны катуу сактоого милдеттүү.