Коом
Абитуриенттерди кабыл алуунун V туру башталды
Элита плюс
Август 24, 2020 г.
Абитуриенттерди кабыл алуунун V туру башталды
© Элита плюс

Жогорку окуу жайларга абитуриенттерди кабыл алуунун V туру башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. Ага ылайык, келишимдик негизде окуйм дегендерге бош орундар бар. Жалпы республикалык тестиртөөлөгө катышкан абитуриенттер 22-августтан 27-август саат 14.00гө чейин Жогорку окуу жайларга тапшыра алат. Ал эми 28-29-август күндөрү саат 17:00гө чейин болочок студент университетте билим алуу ниетин тастыкташы шарт. Кабыл алуу онлайн жүргүзүлөт. Ал үчүн бүтүрүүчү сайтка катталышы керек. Эске салсак, төртүнчү турдун жыйынтыгы менен гранттык окутууга 5 миң 12 бала, акы төлөө келишими боюнча 18 миң 87 абитуриент кабыл алынган.