Коом
Абиров катышкан кылмыш иши токтотулуп, тараптар элдешкени маалым болду
Элита плюс
Март 28, 2023 г.
Абиров катышкан кылмыш иши токтотулуп, тараптар элдешкени маалым болду
© Элита плюс

ЖКнын мурдагы депутаты Жаныбек Абировдун эс алуучу жайлардын биринде болгон окуясы коомчулуктун арасында кызуу талкуу жаратканы баарыбызга белгилүү. Бул окуя Интернет тармагына тарап кетип, коомчулуктун талабы менен Бишкек шаардык милициясы тарабынан бейбаштык беренеси менен кылмыш иши козголгон. Анын натыйжасында эс алуу жайынын күзөтчүсүн ур-токмокко алышкан Жаныбек Абировдун жанындагы эки таанышы камакка алынган. Жаныбек Абиров өзүнүн моралдык жоопкерчилигин сезип, депутаттык мандатын кечээ тапшыруу боюнча арызын жазып, аны БШК канаттаандырды.
Андан сырткары, бизге жеткен маалымат боюнча бүгүн тараптар жолугушуп, күзөтчүдөн жана анын үй-бүлөө мүчөлөрүнөн кечирим сурашкан. Күзөтчүнү ур-токмокко алган тарап жабырлануучу жана анын энеси менен жолугушуп, элдешишти. Жабырлануучу тарап дагы Ыйык Орозо айында кечиримдүү болуу керектигин жана бири-бирин түшүнбөстүктүн айынан ушул окуя болуп кеткенин белгилешип, кечиришкенин айтышкан.