Парламент
Абдыжапар БЕКМАТОВ, БШКнын төрагасынын орун басары: “Учурда 2462 шайлоо участкасы түзүлдү”
Элита плюс
Июль 30, 2020 г.
Абдыжапар БЕКМАТОВ, БШКнын төрагасынын орун басары: “Учурда 2462 шайлоо участкасы түзүлдү”
© Элита плюс
Абдыжапар БЕКМАТОВ, БШКнын төрагасынын орун басары: “Учурда 2462 шайлоо участкасы түзүлдү”
© Элита плюс
Абдыжапар БЕКМАТОВ, БШКнын төрагасынын орун басары: “Учурда 2462 шайлоо участкасы түзүлдү”
© Элита плюс
Абдыжапар БЕКМАТОВ, БШКнын төрагасынын орун басары: “Учурда 2462 шайлоо участкасы түзүлдү”
© Элита плюс
Абдыжапар БЕКМАТОВ, БШКнын төрагасынын орун басары: “Учурда 2462 шайлоо участкасы түзүлдү”
© Элита плюс

Президент Сооронбай Жээнбеков шайлоону өткөрүү тууралуу Жарлыкка кол коюп, жыйынтыгында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 4-октябрда өтмөй болду. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоону даярдоо, уюштуруу жана өткөрүү боюнча календардык планын бекитип, өлкөдө шайлоо камы кызуу башталды. Биз БШКнын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматовго кайрылып тиешелүү суроолорубузга жооп алдык. Ал шайлоого болгон даярдыктарды, пандемияга байланыштуу бул жолку шайлоо кандай тартипте өтөрү, ЖКга аттанган саясий партиялардын катышуу эрежелери, үгүт иштери боюнча айтып берди.

-  Абдыжапар Гапырович, парламенттик шайлоонун күнү белгилүү болду. Сиздер тараптан кандай даярдыктар башталды?

- Учурда биз тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте шайлоого даярдануу жана өткөрүү боюнча календардык иш план түзүп, ошол боюнча иштерди баштадык. Алгач шайлоону өткөрүүгө кете турган каражаттын сметасын түзүп, бекиттик. Ага каржылана турган каражаттын өлчөмү 446,9 миллион сомду түздү. Жер-жерлерде аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларында да тиешелүү иштер башталды. Андан сырткары шайлоочуларга ыңгайлуу болуш үчүн жаңы шайлоо участкаларын түзгөнгө туура келди. Бүгүнкү күндө жалпы өлкө боюнча 2462 шайлоо участкасы түзүлсө, 42 шайлоо участкасы чет жерде. Аларда 30 миңден ашык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү иштеп жатат. Ошондой эле идентификация өткөрүүчү жана  автоматтык эсептөөчү урналар  менен иштөөчү операторлорду даярдоодобуз. Учурда БШКда жана аймактардагы шайлоо комиссияларында тиешелүү жумушчу топтор түзүлүп, иштерин баштады. Анын курамына укук коргоо органдарынын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жана көз карандысыз медиа эксперттердин өкүлдөрү кирди. Алар үгүт, маалымдоо иштерине көзөмөл кылып, ар кандай арыз-даттанууларды карайт. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, шайлоо учурунда келишпестиктер, арыз-даттануулар, түшүнбөстүктөр арбын болот. Ушундай маселелерди көз жаздымда калтырбай, ыкчам чара көрүшөт. Буга чейин “Бирик”, “Реформа”  саясий партияларына үгүт иштеринин мөөнөтүн кармабагандыктары үчүн эскертүү бердик. Мындан башка да саясий партиялардан шайлоо процессинин башка катышуучуларынын арыз-даттанууларын кароо боюнча иштерди жүргүзүп жатабыз. Шайлоо процессинде маалымдоо жана үгүт иштери өзүнчө бир маанилүү орунду ээлейт. Ага катышуу үчүн ЖМК жана интернет басылмалары аккредитациядан өтүшү керек. Бул боюнча учурда биз алардан тиешелүү документтерди алып, мыйзамга ылайык тактоодобуз. Бүгүнкү күнгө чейин 160 субъектиден кайрылуу түштү. Алардын арасында ТВ, радио, гезит-журналдар жана интернет басылмалары бар. Азыр жумушчу топтор тарабынан каралып, аккредитацияга даярдалып жатат. Аккредитациядан өткөндөн кийин ММКлар жана интернет басылмалары саясий партиялар менен биргеликте шайлоо алдындагы үгүт иштеринин мөөнөтү башталган убакта келишимдик негизде иштеше башташат.

-  Өлкөбүздө оору күчөп, өзгөчө кырдаал курчуп турган мезгил. Ушундай учурда шайлоо кандай шартта өтөт? Санитардык нормаларга ылайык өткөрүү боюнча кандай иштерди жүргүзүп жатасыздар?

- Туура, кырдаалга байланыштуу борбордук шайлоо комиссиясы саясий партияларга, талапкерлерге мурункудай калың элди чогултуп, жолугушууларды өткөрбөй турган формадагы үгүт иштерин тандап алуу сунуштарын берип жатабыз. Партиялар ММКларда дискуссия, дебаттарды уюштуруп, ММКлар аркылуу коомчулук менен байланышса, бир четинен санитардык нормаларга ылайык келип, экинчи жагынан шайлоочулардын тандоо жасоосуна жакшы болмок деген ойго келдик. Ошондуктан саясий партияларга жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу коомчулук менен жолугушууга басым жасоого сунуш беребиз. Мындан сырткары БШК талапкерлердин тизмесин каттагандан кийин  өзүнүн расмий сайтына  ал партиянын шайлоо алдындагы программасын жана ар бир талапкер боюнча маалымат жайгаштырылат. Башкача айтканда, программасы менен чыгып, убадасын бергенден кийин 5 жылдын ичинде элибиз ошол саясий партиялардын программаларын карап, көзөмөлдөп, талап кылганга, айтор, элдин кароосуна койгонго пландаштырып жатабыз. Ал эми талапкерлер боюнча маалыматты жайгаштыруу менен элдин тандоосуна жакшы шарт түзүлөт деп ойлойм. Анткени жогоруда айткандай, мурункуга салыштырмалуу бул шайлоодо эл менен жолугушууларды минималдаштырабыз. Топтолгон элдин саны, социалдык аралыктарды сакташын да шарттайбыз. Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан бизге шайлоочулардын тизмеси берилген. Буга ылайык 3 млн 400 миңден ашуун биздин шайлоочулардын тизмеси бүгүнкү күндө БШКнын сайтында турат. 26-июлдан баштап ар бир шайлоо тилкелерине элдин таанышуусу үчүн илинет. Мындан сырткары коомчулук өзүн тизмеден тактоо, андагы өзү тууралуу маалыматтардын аныктыгын текшерүү үчүн сайтыбыздагы “Шайлоочулардын кабинети” деген бөлүмдөн шайлоо участкасына барбай туруп маалымат алса болот. Албетте, бул иштердин баары элдин топтолушун минималдаштыруу аракетинде жасалат. Азыркы өзгөчө кырдаалда шайлоону даярдоодо  биз жогоруда айткандай, 30 миңден ашуун шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн, операторлордун ден соолугу, коопсуздугу боюнча да иштерди жүргүзүүдөбүз.  Ага атайын 60 млн сомго жакын каражат сарпталат. Буга чейин мындай каражат каралчу эмес, бул атайын азыркы кырдаалга байланыштуу кошумча каражат болуп эсептелинет. Бул каражатка биз эл аралык өнөктөштөр менен биргеликте медициналык коргоочу каражаттарды, б.а. бет кап, кол кап, антисептиктерди жана термометрлерди алып, ар бир шайлоо тилкеге таратып коомчулукту коргоочу каражаттар менен камсыздайбыз. Учурда сатып алууларды баштадык. Эң негизги айта турган маселе, ошол добуш берүү тилкесине келе турган адамдардын социалдык аралыктарын камсыздоо менен шайлоону өткөрөбүз. Бул иштер тыкыр көзөмөлгө алынат. Дагы бир айта кетүүчү нерсе, биз жергиликтүү бийлик менен биргеликте добуш берүү участкаларына шайлоого чейин да, андан кийин да дезинфекция иштерин жүргүзөбүз. Сентябрь айында шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн, операторлорду окутуу иштери жүрөт. Анан шайлоочулар жана шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү үчүн дагы роликтерди даярдап жатабыз. Мурда биз аларды чогултуп алып окутат элек, бул жолу кырдаалга байланыштуу ролик аркылуу түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз. 

- Талапкерлердин тизмесин жөнөтүү качан аяктайт? Дегеле каттоо, үгүт иштеринин мөөнөттөрү боюнча да түшүндүрмө берсеңиз.

- Саясий партиялар шайлоо күнү дайын болгондон баштап беш күндүн ичинде БШКга шайлоого катыша турган ниетин жазуу түрүндө билдириши зарыл. Азыр 44 партия бизге шайлоого катыша турган ниетин билдиришти. Анан саясий партиянын өкүлдөрүн каттадык, ал дагы беш күндүк убакытта өттү. Дагы бир негизги этап, саясий партиялар талапкерлердин тизмесин бекитүү боюнча съезддерди өткөрөт. Биз болушунча азыраак делегат менен өткөрүүнү сунуш кылдык. Бул процесс саясий партиялар талапкерлердин тизмесин жылдыруу процесси болуп эсептелет. Бул иш-чара шайлоо күнүнө 45 күн калганга чейин жүргүзүлүүгө тийиш. Тактап айтканда, талапкерлердин тизмесин бекитүү     20-августка чейин болот. Анан саясий партиялар БШКга тиешелүү документтерди,тактап айтканда, съезддин протоколун, талапкерлердин тизмесин, шайлоо күрөөсүн төккөндүгүн тастыктаган документ жана ар бир талапкерлер боюнча маалымат камтылган документтерди 40 күн калганга чейин тапшырышы керек. Ошондон баштап 10 күндүн ичинде БШК саясий партиянын ишкагаздарын карап, талапкерлер мыйзам боюнча талапка жооп берер-бербестиги тууралуу текшерүү жүргүзөт. Талапкерлердин тизмесин каттоонун мөөнөтү бүткөн күндөн баштап үгүт иштери башталат. Тактап айтканда, 4-сентябрдан башталып, добуш берүүгө 24 саат калганга чейин жүргүзүлөт.

- Коомчулукта 120 депутат кичинекей Кыргызстан үчүн көптүк кыларын, алардын санын кыскартуу керектиги боюнча ар кандай кептер айтылат. Буга сиздин жеке пикириңиз.

- Бул эми менин же башка бир адамдын пикири менен болбойт. Анткени мындай ченемдер биздин баш мыйзамыбызда так көрсөтүлгөн. Ошондуктан конституциялык нормадан четтей албайбыз. Бирок жеке оюмду айтсам, буга чейин билесиздер, эки палаталуу парламент болгонбуз. 70-350 депутат болгон учурлар да бар. 90 депутатты дагы шайлаганбыз. Айтор, эгемендүүлүк алгандан бери ар кандай форманы, ар түрдүү системаны көргөнбүз. Азыр эми алардын саны 120 болсун деген чечимге токтогонбуз. Аз сандагы деле депутаттарды көргөнбүз, алардын иш-аракетин да билебиз. Себеби аз болгондо аларды кайсы бир күчтөр тарабынан бир нукка буруп алуу жеңилирээк. Көп болгонунун бир жагы, чечим кабыл алууда ойлордун көп түрдүүлүгүнөн улам салмактуу чечим же мыйзамдардын кабыл алынышы ыңгайлуу. Бүгүнкү күнгө чейинки тажрыйбабыздан улам 120 депутат туура эле деген ойдомун. Албетте, эми бул менин жеке пикирим. 

Жазнура ТОКТОБОЛОТОВА