Аймактар
Алмаз АБДУКАРИМОВ, Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчысы: “Ак эмгектен иш сапатын арттырууга күчүбүздү жумшайбыз”
Элита плюс
Март 23, 2020 г.
Алмаз АБДУКАРИМОВ, Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчысы:  “Ак эмгектен иш сапатын арттырууга күчүбүздү жумшайбыз”
© Элита плюс
Алмаз АБДУКАРИМОВ, Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчысы:  “Ак эмгектен иш сапатын арттырууга күчүбүздү жумшайбыз”
© Элита плюс
Алмаз АБДУКАРИМОВ, Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчысы:  “Ак эмгектен иш сапатын арттырууга күчүбүздү жумшайбыз”
© Элита плюс
Алмаз АБДУКАРИМОВ, Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчысы:  “Ак эмгектен иш сапатын арттырууга күчүбүздү жумшайбыз”
© Элита плюс
Алмаз АБДУКАРИМОВ, Кара-Суу районунун Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчысы:  “Ак эмгектен иш сапатын арттырууга күчүбүздү жумшайбыз”
© Элита плюс

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Төлөйкөн айыл аймагы жалпы 5 айылдын башын бириктирет. Көп улутту өзүнө батырган аталган айыл аймагынын бүгүнкү күндө 27317 калкы бар. Бир атанын балдарындай болгон Төлөйкөн айылынын жашоочулары ынтымакта биргелешип жашоо кечирип келишет. 2015-жылдан бери Төлөйкөн айыл өкмөтүнө караштуу айылдардын социалдык абалын жакшыртууга көбүрөөк көңүл бурулуп, көп иштер аткарылып келе жаткандыгын байкоого болот. “Жолду билген башкарат” дегендей, жергиликтүү элдин багына иш билги, чарбачыл жана билимдүү айыл башчы келген өңдүү. Биз атайын аталган айыл өкмөттө болуп, башчысы Алмаз Абдукаримовго жолугуп, Төлөйкөн айыл аймагынын абалы, аткарылган иштеринен кабар алып кайттык.

-Алмаз Абдылазович, сөздү алгач өткөн жылда аткарылган иштерден баштасаңыз, эмне иштерди аткарууга жетишип, кайсыларын жасай албай калдыңыздар?

-КРнын Президентинин жарлыгы менен 2017-жыл “Ыйман, адеп жана маданият” жылы деп жарыялангандыктан Төлөйкөн айыл өкмөтү Президенттин жарлыгын колдоп, айыл өкмөтүнүн аймагындагы Дыйкан-Кыштак айылында чоң, заманбап маданият үйүнүн курулушун баштаган. Курулуп жаткан маданият үйү келечекте Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн калкынын маданий очогуна айланат деген аруу үмүт бар. О.э. Кыргызстан айылындагы бала бакча капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, борбордук көчөгө асфальт төшөлдү. ФАП капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. О.Курбанбаев мектебине кошумча класс жана ашкана үчүн эски имаратты капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүп, айыл башчысына кабинет курулду. Төлөйкөн айылында стимул берүүчү гранттын эсебинен ФАП курулуп, МЧС тарабынан айылга селкана тургузулду. Төлөйкан айылындагы эски мектептин имаратына 120 орундуу бала бакча ачуу үчүн 1млн. 843 миң 811 сомго капиталдык оңдоп-түзөө жасалып, аяктоо алдында турат. Учар, Жапалак, Озгур айылдарына, Дыйкан-Кыштак айылынын Жаңы-Турмуш аймагына электр мамычалары орнотулуп, электр көпүрө курулуп, газдаштырылып, айылдын көчөлөрү канализацияга туташтырылды. Төлөйкөн айыл аймагына караштуу айылдардагы ички жолдорго шагыл төгүлүп, көчөлөрү жарыктандырылды. Административдик имарат капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлдү. Төлөйкөн айылынын жаштарына 2802,8 миң сомдук кичи футбол аянтчасы курулду.

-Көңүл кубана турчу бир топ иштер аткарылган экен. Быйыл ажобуздун жарлыгы менен “Аймактарды өнүктүрүү жылы” деп жарыяланды. Андыктан, буга карата кандай иштерди аткаруу плаңыңызда турат?

-“Аймактарды өнүктүрүү ” жылына биздин айыл да билек түрүнө киришип, бир катар өсүп-өзгөрүүнү камсыздаган жемиштүү иш-пландарды алдына койгон. Быйылкы жыл дагы ортолоп калды, бул аралыкта деле бир топ иштерди жасаганга жетиштик. Талбаган эмгектин акыбети болбой койбойт экен, айылыбыздын жашоочулары эңсеп күткөн жаңы максаттар, жаркын тилектер четинен аткарылып, калктын кызыкчылыгы, мүдөөсү ишке ашып келе жатат. Төлөйкөн айыл өкмөтү тарабынан аткарылып жаткан иштер, алдыда коюлган келечек максаттар да өтө көп. Аларды ишке ашырууга убакыт жана жигердүү аракеттер керек.

-Аймакта мектеп, бала бакча сыяктуу социалдык объектилердин абалы кандай?

-Кудайга шүгүр, жаман эмес. Жаңы курбасак да болгон жайларыбызды оңдоп-түздөп, таза, тыкан кармоонун аракетиндебиз. Мектептердин материалдык-техникалык базасын чыңдоого жана аларды 2017-2018-окуу жылына даярдоо максатында жергиликтүү бюджеттен ремонт иштерине 135 600 сом, Ак-Буура орто мектебинин шиферлерин жаңылоого 34 000 сом, Н.Сайдиев атындагы орто мектебинин айланасын көрктөндүрүү, жашылдандыруу жана ремонт иштерине 226 000 сом, жалпы 4752 600 сом сарпталды. Буга кошумча Учар орто мектебин кышка даярдоо үчүн мектептин терезелерин пластик кылууга 99 800 сом, Алтын-Таажы балдар бакчасынын эмеректерин жаңылоого 188 000 сом бөлүнүп берилди.

-Спорттук, маданий иш-чаралар дагы көз жаздымда калбаса керек?

-Албетте көз жаздымда калбайт, анын үстүнө биздин айылда спорттун ар кандай түрлөрүнө кызыккан жаштар арбын. Андай жаштарды моралдык жактан да, материалдык жактан да колдоп, кубаттап колубуздан келишинче жардам берип келебиз. Аларды колдоо максатында жергиликтүү бюджеттен да атайын каражат бөлүнөт. Алсак, жакында эле шахмат оюнун мыкты билген Инаят Каримова Бишкек шаарында өткөрүлгөн шахмат оюнунда 1-орунга ээ болуп, Бразилияга барууга жолдомо алды. Андан сырткары, КРнын Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн “Ардак грамотасы” менен сыйланган. Мындан сырткары Нооруз, 8-март айымдардын эл аралык майрамына, энелер күнүнө ж.б. майрамдарда айыл тургундары чакырылып, майрамдык шаан-шөкөттөр уюштурулуп, Төлөйкөн айылына боз үйлөр тигилип, сүмөлөк даярдалып, айтор кыргыз элинин каада-салттарын даңазалаган оюн-зоок, спорттук мелдештер уюштурулуп турат. Маданий, спорттук иш-чаралардан сырткары да бир топ коомдук иштер менен алек болуудабыз. Өз демилгебиз менен ай сайын эки жолу имамдар, диний агымдар, терроризм жана экстремизм боюнча жыйындарды өткөрүп турабыз. Ага имамдар, мектеп директорлору, соцпедагогдор катышып, өз ойлору менен бөлүшүп, иш-чаранын негизинде балдарды, аялдарды, майыптарды жана улгайган адамдарды коргоо менен укуктук актыларды колдонуп, түшүндүрүү иштеринин зарылчылыгын айтышат. Жыл ичинде 17 ушундай жыйын өттү. О.э. аксакалдар Кеңешинин төрагасы, аялдар Кеңешинин төрайымы, коомдук таяныч пункту тарабынан аш-тойлордо ашыкча ысырапкерчиликке, үйлөнүү тойдо көп унаалардын чыгышына бизде чектөө киргизилген. Жаштардын эрте турмуш куруусу, 18 жашка чейинки жаштарга нике окулбасын деген багыттарда семинарлар өткөрүлүп турат.

-Колдоого муктаж адамдарга кандай жардамдар болуп турат?

-Мүмкүнчүлүгү чектелген жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджетинен акчалай жардамдар берилет. Андан сырткары сөзсүз түрдө ыйык орозо айында күндө керектелүүчү азык-түлүк болгон ун, май жана акчалай жардамдар таркатылып турат. Айыл өкмөтүндө калкты социалдык жактан коргоо боюнча иш-пландар бекитилип, аларды иш жүзүнө ашыруу боюнча социалдык бөлүм тарабынан бир топ иш-чаралар өткөрүлөт. Калкты социалдык жактан коргоодо, пенсия, жөлөк пул чегерүүнүн даректүүлүгүн, сапатын жогорулатуу, турмуштун оор кырдаалына кабылган үй-бүлөлөр жана балдар менен иштөө, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарындагы социалдык маселелер боюнча комиссиялардын ишин күчөтүү, балдарга карата зомбулуктун алдын-алуу боюнча ата-энелердин арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. Кургак учук менен ооруган атуулдар такталып, алардын ар бирине айыл өкмөт тарабынан 1000 сомдон акча каражаты берилген. 1-июнь балдарды коргоо күнүндө айыл аймагында тоголок, жарым жетим жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын тизмеси такталып, алардын ар бирине 500 сомдон акча жана 20 кг. ун таркатылып, төшөктө жаткан 3 баланын абалынан кабар алып, аларга 1000 сомдон акча жана 20 кг ун таратылып, жергиликтүү бюджеттин эсебинен жалпы суммасы 17 600 сом берилди. Андан сырткары майыптар үчүн дары-дармек алууга айыл өкмөтү тарабынан 29 500 сом бөлүнүп берилди. Кыргызстан айылындагы Алтын таажы балдар бакчасындагы бөбөктөргө 1-июнга карата айыл өкмөттүн эсебинен 10 миң сом акча каражаты бөлүнүп, ар бир балага шириндиктер таркатылды. О.э. айыл аймагындагы 40 баланы майрамы менен куттуктап, аларга суммасы 21500 сомдук белектер берилип, балдар күнүнө жергиликтүү бюджеттен 50 000 сом акча каражаты жумшалды.
Дыйкан-Кыштак айылынын тургуну 1-топтогу майып Матишов Кошокко 5 миң сом акча жана 5 миң сомдук азык-түлүк, турмуш шарты начар 70 жаранга 56 миң сомдук азык-түлүк, ал эми Төлөйкөн айылынын тургуну, үч эгиз баланын энеси Сулайманкулова Элмирага турак-жай салууга жер участогу жана 6 миң даана кыш берилди. Февралда Ооган согушунун катышуучулары үчүн салтанаттуу жыйын өткөрүлүп, согуштун катышуучуларына акча каражаты менен сый тамак берилди. Ушундай эле сыйдан Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары дагы көз жаздымда калбайт. Айтор калктын аялуу катмарына колдон келишинче көңүл бурганга аракеттенебиз.

-Маек соңунда өзүңүз жөнүндө айта кетсеңиз, бул кызматка кайсы жылы келдиңиз, ага чейин кандай жолду басып өттүңүз?

-Мен 1974-жылы Ош шаарында туулгам. Орто мектепти аяктаган соң, 1991-1993-жылдары Ош шаарындагы №12-кесиптик-техникалык окуу жайына тапшырып, аны ийгиликтүү аяктагам. 2014-жылы Мамлекеттик муниципалдык башкаруу адистиги боюнча Жалал-Абад шаарындагы Экономика жана ишкердик университетин бүтүргөм. 1993-1998-жылдары Ош шаарындагы “Керме-Тоо” АКнын башкы инженери, 2006-2012-жылдары Ош шаарындагы “ТТК-Перспектива” ЖЧКнын директору болуп иштегем. 2012-2013-жылдары “Реал групп” ЖЧКнын директорунун орун басары, 2013-2014-жылдары Окутуу жана кеңеш берүү борборунда юридикалык маселелер боюнча кеңешчи, 2014-жылы “Фер-Ас” ден-соолукту чыңдоо борборунун башкы директорлук кызматтарын аркаладым. 2014-жылдын декабрынан бери Кара-Суу районундагы ушул Төлөйкөн айыл өкмөтүнүн башчысы болуп эмгектенип келе жатам. “Жандоочу кийик аттырат” демекчи, учурдан пайдаланып, менин ишимди колдогон жалпы эмгек жамаатыма, батасын берип, арка-жөлөк болгон аксакалдарга, акыл сөзүн айтып турган апаларга, деги эле айыл аймагынын жашоочуларына ыраазычылык билдирем. Ак эмгек менен мындан ары дагы алдыга умтулуп, иштин сапатын арттырууга аракетибизди, күчүбүздү жумшай беребиз. Жазнура ТОКТОБОЛОТОВА