Коом
7 жаштагы Рустамга кезектеги белегин алды
Элита плюс
Декабрь 26, 2020 г.
7 жаштагы Рустамга кезектеги белегин алды
© Элита плюс

"Газпром" же "Роснефть” компанияларынын акционери болгусу келерин айтып, тула таттуусун сурап Владимир Путинге кат жазган Бишкектин 7 жаштагы тургуну Рустам Ташматовго кезектеги белектер тартууланды. Бул тууралуу Орусиянын Бишкек шаарындагы маданият жана илим борборунан кабарлашты.

Маалым болгондой, Владимир Путиндин өтүнүчү менен аталган борбордон Рустам Ташматовго Кремлден келген тула токочун, Путиндин портретин, анын кол тамгасы түшүрүлгөн кружканы тапшырышты. Ошондой эле борбордун жетекчиси Виктор Нефёдов Рустамга энциклопедия тартуулады.

Орусиянын өлкө башчысына кат жазган Рустам Ташматовго буга чейин тула таттуулары берилген.