Коом
6260 абитуриент жогорку окуу жайга кабыл алынды
Элита плюс
Август 03, 2020 г.
6260 абитуриент жогорку окуу жайга кабыл алынды
© Элита плюс

Жогорку окуу жайларга онлайн кабыл алуунун II турунда 15миң 131 талон келип түшкөн. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Маалыма караганда, II тур 27-29-июлда “ Абитуриент Онлайн" системасы аркылуу кабыл алынган. II турдун жыйынтыгы менен 6260 абитуриент жогорку окуу жайга кабыл алынды. Анын 1130у бюджеттик негизде, 5130у келишимдик негизде билим алышат. Онлайн кабыл алуунун ар бир турунда абитуриентте экиден талон болот. Анын бирин келишимдик негизде, экинчисин бюджеттик негизде билим алууга таштай алат. Кошумчалай кетсек, ЖОЖдорго кабыл алуунун III туру 3-5-август күндөрү өтөт.