Коом
62 мектепте кадимки режимде окуу жүрүүдө
Элита плюс
Сентябрь 09, 2020 г.
62 мектепте кадимки режимде окуу жүрүүдө
© Элита плюс

Жаңы окуу жылында Кыргызстандагы 62 орто мектептин окуучулары кадимки режимде, мектепте окуп жатышат. Бул тууралуу Билим жана илим министрлигинин басма сөз катчысы Акылбек Орозматов билдирди. 

"Бул мектептерде балдардын саны аз. "Жашыл зонада" жайгашкан. Көпчүлүгү алыскы аймактарда. Ошондуктан бул мектептерде 1-11-класстын окуучулары баары мектепте окуп жатышат".

Коронавирус пандемиясынан улам өткөн окуу жылынын 4-чейреги аралыктан окуу менен аяктаган. Жаңы окуу жылында да мектептер менчиктин түрүнө карабай, онлайн форматта, аралыктан окутууну улантышты. Аралыктан окуу интернеттеги атайын тиркемелер аркылуу жана КТРКнын "Баластан", ЭлТРдин "Илим-Билим" каналдары аркылуу жүргүзүлүүдө.

Билим берүү жана илим министрлиги төртүнчү чейректе аралыктан окутуу мезгилинде муктаждыгы бар 3403 үй-бүлөнү телевизор менен камсыздаган. Жаңы окуу жылынын башталышына чейин министрлик жергиликтүү бийлик жана демөөрчүлөрдүн жардамы менен дагы 1 928 үй-бүлөнү телевизор, 31 143 смартфон менен окуучуларды камсыздаган.

Кыргызстанда 2200дөн ашуун мектепте 1 миллиондон ашуун окуучу билим алат. (ZKo)