Медицина
608 медицина кызматкери 200 миң сомдон компенсациялык төлөмдөрдү алышты
Элита плюс
Декабрь 08, 2020 г.
608 медицина кызматкери 200 миң сомдон компенсациялык төлөмдөрдү алышты
© Элита плюс

608 медицина кызматкери 200 миң сомдон компенсациялык төлөмдөрдү алышты. Бул тууралуу бүгүн, 8-декабрда онлайн брифингде Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү Айнура Акматова билдирди.

Маалыматка ылайык, каза болгон 30 медицина кызматкеринин үй-бүлөлөрүнө ар бирине 1 миллион төлөнүп берилди.

Учурда дагы 148 саламаттыкты сактоо кызматкерине жана каза болгон 2 медициналык кызматкердин үй-бүлөлөрүнө компенсация төлөө үчүн документтер даярдалууда.