Парламент
6 партияга шайлоо күрөөсү катары койгон каражаты кайтарылышы мүмкүн
Элита плюс
Октябрь 05, 2020 г.
Бүгүн маалымат жыйында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова кайсы саясий партиялар шайлоого катышуу үчүн төлөгөн 5 млн сом шайлоо күрөөсүн кайра алышы мүмкүн экенин айтып берди.
Анын айтымында, 16 партиядан 5 млн сомдон жалпы 80 млн сом келип түшкөн.
"Шайлоочулардын 5%дан ашыгынын добушун алган партияларга күрөөгө койгон акчалары кайтарылып берилет. Ал эми калган каражат республикалык бюджетке которулат", - деди ал.
Алдын ала маатыт боюнча азырынча шайлоочулардын 5%дан ышыгынын добушун алган 6 партия бар.