Коом
6 млн кыргыз элин сөккөн порно ишкер Ажиев кармалды
Элита плюс
Март 27, 2020 г.
6 млн кыргыз элин сөккөн порно ишкер Ажиев кармалды
© Элита плюс

6 млн кыргызстандыктарды оозго алгыс уят сөздөр менен сөккөн Даниэль Ажиев кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди. Мындай маалыматты ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мекеменин маалыматына караганда, 30 жаштагы Даниэль Ажиев жек көрүү жана кастыкты козутууга түрткөн ачык билдирүүсү үчүн кармалган. Күбөлөндүрүүнү жүргүзүү учурунда ал марихуана баңги каражатын колдонгондугу аныкталган.

Ал Жазык кодексинин 313-беренеси (“Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты козутуу”) беренеси менен убактылуу кармоо жайына киргизилген.

Социалдык тармакта Даниэль Ажиедин коронавирус менен күрөшүү үчүн өлкөнүн жети дубанына 7 миллион сом таратканы тууралуу маалымат айтылган. Мунун далилдеген эч кандай тастыктама документ көрсөткөн эмес. Бирок, бир нече үй-бүлөгө азык-түлүк таркаткан видеосун өзүнүн “Инстаграмм” баракчасына жарыяланган. Тасмадан анын алды арты караңгылатылган шевроле унаасы менен жүргөнүн да көрүүгө болот.

Интернет колдонуучулары адегенде “Ажиевдин акча таратканы” үчүн ага ыраазычылык билдиришкен. Бирок анын вебкам-моделдердин студиясынын ээси экени айтыла баштаган соң ага карата ар кандай сөздөр айтылган. Кийин анын “Инстаграмм” баракчасы аркылуу кыргызстандыктардын баарын ашата сөккөн видеосу тараган.