Коом
6-мартка чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат
Элита плюс
Март 01, 2021 г.
6-мартка чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат
© Элита плюс

Кыргызгидромет борбору 2-марттан 6-мартка чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

2-6-марттарда Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы

2-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

3-мартта түнкүсүн Талас облусунун кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Эртең менен жана күндүз көпчүлук аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

4-мартта түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз Талас облусунун кээ бир райондорунда жаан, кар, тоолуу райондорунда кар, Чүй облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт.

5-мартта түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт. Эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

6-мартта түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тонголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 5-мартта кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

2-6-марттарда Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

2-мартта жана 3-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

3-мартта эртең менен жана күндүз жаан жаашы күтүлөт.

4-мартта түнкүсүн бир аз жаан, кар жаашы мүмкүн, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

5-мартта түнкүсүн жаан, кар жаашы мүмкүн, күндүз жаан жаашы күтүлөт.

6-мартта жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

2-6-марттарда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы

2-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Ош облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

3-мартта түнкүсүн Жалал-Абад облусунун кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ош, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

4-мартта түнкүсүн Жалал-Абад облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз кээ бир райондордо жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

5-мартта көпчүлүк аймактарда жаан, тоо этектеринде жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.

6-мартта түнкүсүн кээ бир райондордо жаан, кар, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тонголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 5-мартта кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

2-6-марттарда Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

2-мартта жана 3-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

3-мартта эртең менен, күндүз жана 4-мартта түнкүсүн кээ бир райондордо жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

4-мартта күндүз тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

5-мартта түнкүсүн кээ бир райондордо, эртең менен жана күндүз көпчүлүк аймактарда жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

6-мартта түнкүсүн кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тонголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 5-мартта кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

2-6-марттарда Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы

2-3-марттарда жаан-чачын күтүлбөйт.

4-мартта түнкүсүн бир аз кар жаашы күтүлөт.

4-мартта күндүз жана 5-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

5-мартта күндүз жана 6-мартта түнкүсүн мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт.

6-мартта күндүз жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

2-6-марттарда Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

2-мартта жана 3-мартта түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт.

3-мартта эртең менен, күндүз жана 4-мартта кээ бир райондордо жаан, кар, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

5-мартта көпчүлүк аймактарда кар жаашы күтүлөт.