Коом
6-апрелде Бишкектин айрым райондорунда суу болбойт
Элита плюс
Март 31, 2023 г.
6-апрелде Бишкектин айрым райондорунда суу болбойт
© Элита плюс

6-апрелде Бишкектин айрым райондорунда суу болбойт. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 6-апрелде саат 9:00дөн 20:00гө чейин Панфилов, Манас, Фрунзе көчөлөрү, темир жол линиясы менен чектешкен аймакта жайгашкан турак жайларга, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттык сактоо мекемелерине жана башка социалдык объектилерге жана өнөр жай ишканаларына таза суу берүү токтотулат.

Суу берүү Тоголок Молдо суу алгычында жана шаардагы таза суу түтүктөрүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу токтотулат.

Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.