Коом
6-11-класстардын окуучулары арасында математика боюнча республикалык олимпиада өтөт
Элита плюс
Декабрь 05, 2020 г.
6-11-класстардын окуучулары арасында математика боюнча республикалык олимпиада өтөт
© Элита плюс

Билим берүү жана илим министрлиги жалпы билим берүүчү мектептердин 6-11-класстарынын окуучуларына математика боюнча Республикалык олимпиада өткөрөт. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 6-8-класстардын окуучулары үчүн олимпиада бир этап менен онлайн форматта, 19-декабрда саат 12:00дө өтөт.

Ал эми 9-10-класстардын окуучулары үчүн олимпиада эки этап менен өтөт:

  • 1-этап: 2020-жылдын 19-декабрында саат 12:00дө онлайн форматта;
  • 2-этап: 2021-жылдын 5-январында саат 12:00дө Бишкек шаарында реалдуу форматта.

"6-8-класстар арасында онлайн олимпиадада 1-2-3-орундарды алган окуучулар дипломдор менен сыйланышат. 9-11-класстар арасындагы олимпиаданын 2-этабынын (финал) жыйынтыгында 1-2-3-орундарды алган окуучулар дипломдор менен сыйланып, эл аралык олимпиадаларга катышууга мүмкүнчүлүк алышат. 9-11-класстар арасындагы олимпиадада 1-орунду ээлеген окуучулар Кыргыз-Швед математика мектебинин математикалык клубунда окуу үчүн грантка ээ болушат. Олимпиаданын бардык катышуучуларына электрондук сертификаттар ыйгарылат", - деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, олимпиада акысыз өткөрүлөт. Эгерде суроолор болсо, rom.ksms@gmail.com электрондук почтасына кат жазсаңыздар болот.