Аймактар
57 жаштагы жаран 15 кг баӊгизат менен кармалды
Элита плюс
Март 14, 2023 г.
57 жаштагы жаран 15 кг баӊгизат менен кармалды
© Элита плюс
57 жаштагы жаран 15 кг баӊгизат менен кармалды
© Элита плюс

Ысык-Көлдө милиция кызматкерлери 57 жаштагы жергиликтүү тургундан 15 килограммдан ашык марихуана баӊгизатын алышты. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн баӊгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын ыкчам кызматкерлерине ыкчам маалымат түшүп, анда райондун айылдарынын тургунунун бири, үйүндө ири өлчөмдө мыйзамсыз баӊгизатын сактап жүргөндүгү маалымдалган болчу.

Бул маалымат райондук милициянын кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, КР Кылмыш-жазык кодексинин 283-беренесинин ("Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо") негизинде кылмыш иши козголгон. Кылмыш ишинин алкагында маалыматта көрсөтүлгөн жарандын өздүгүн жана жашаган жерин аныктоо боюнча тергөө тапшырмалары берилген.

Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иштеринин натыйжасында милиция кызматкерлери кылмышка шектүү жарандын өздүгүн аныкташкан. Ал Ысык-Көл районунун Ананьево айылынын 57 жаштагы тургуну И.З. болуп чыкты.

Жакында милиция кызматкерлери тарабынан шектүү жарандын үйүндө санкцияланган тинтүү иштерин жүргүзүү учурунда, сарайдын ичинен капка салынган жапайы кендирдин жыты бар өсүмдүк заты табылып алынган. Алынган далил заттын салмагын алгачкы таразага тартуу учурунда, анын салмагы 15 килограммдан ашык болуп чыкты.

Соттук-химиялык экспертизанын корунтундусу боюнча, алынган далил зат – марихуана баӊгизаты болуп чыкты. Райондук соттун чечими менен шектүү жаранга карата үй камагына алуу баш коргоо чарасы кабыл алынды. Учурда тергөө амалдары уланууда.