Коом
5-сентябрда күн ачык болот
Элита плюс
Сентябрь 04, 2020 г.
5-сентябрда күн ачык болот
© Элита плюс

5-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда, Чүй облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо карга айланат. Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында жана Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарында жаан-чачын жаабайт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 13…18, күндүз 24…29;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 8…13, күндүз 23…28;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 13…18, күндүз 26…31;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 19…24;

Нарын облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 20…25 градус болот.

5-сентябрда Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: түнкүсүн 13…15°, күндүз 27…29° болот.