Медицина
5-октябрдагы баш аламандыкта жаракат алган жаран комадан чыгарылды
Элита плюс
Ноябрь 02, 2020 г.
5-октябрдагы баш аламандыкта жаракат алган жаран комадан чыгарылды
© Жазгүл ЖОЛДОШБЕКОВА

5-октябрда орун алган баш аламандыктан жаракат алган 24 жаштагы жаран комадан чыгып, жандандыруу бөлүмүнө которулду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев 5-октябрдагы окуялардын кесепетинен жабыркаган бейтаптар дарыланып жаткан, Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна барган. Ошондой эле жандандыруу бөлүмүндө жаткан 24 жаштагы жарандын абалы менен таанышкан.

Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун директору Сабырбек Жумабековдун айтымында, жабырлануучунун абалында оң тенденция бар.

"Бейтап комадан чыкты, бүгүн аны нейротравматология бөлүмүнө которушту, бирок анын абалы оор бойдон калса керектүү дарылануудан өтсө дагы, ал узак реабилитацияны талап кылат. Бул бейтаптан тышкары дагы жети жабырлануучу бизде дарыланууну улантууда. Алардын ден соолугунун абалы туруктуу жана бардыгы тиешелүү акысыз дарылануудан өтүшөт. Биз эч кимге медициналык жардам көрсөтүүдөн баш тартпайбыз, жабыркагандардын бири бүгүн дагы бизге кайрылды, ал азыр ооруканада жатат жана дарыланууну баштады", - деп билдирген Жумабеков.