Коом
5 миңге жакын ишкер жеңилдетилген насыя алган
Элита плюс
Сентябрь 09, 2020 г.
5 миңге жакын ишкер жеңилдетилген насыя алган
© Элита плюс

Бүгүнкү күнгө карата 5 миңге жакын ишкер 3,2 млрд сом жеңилдетилген насыя алды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө ишкерлерге жеңилдетилген насыяларды берүүгө жалпы 4,5 млрд сом бөлүнгөн.

"Ал каражаттын 2 млрд сому банктарга Улуттук банк тарабынан кредиттик аукцион аркылуу берилсе, ички жана тышкы булактардын эсебинен 2,5 млрд сом Каржы министрлииги аркылуу берилүүдө. Бүгүнкү күнү 5 миңге жакын ишкер 3,2 млрд сом жеңилдетилген насыя алып, иштетип жатат", - деди ал.