Коом
4 жылда энчилүү номер сатуудан бюджетке 2,4 млн сом түштү
Элита плюс
Август 26, 2020 г.
4 жылда энчилүү номер сатуудан бюджетке 2,4 млн сом түштү
© Элита плюс

Акыркы төрт жылда энчилүү мамлекеттик номерлерди сатуудан бюджетке 2,4 млн сом түштү. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти. Каттоо кызматы билдиргендей, энчилүү номерлер аукционсуз сатылып, анын баасы 100 миң сомду түзөт. Маалымат үчүн: Сандандын өзгөчө комбинациясы бар мамлекеттик номерлерди сатуу боюнча долбоор 2016-жылы ишке киргизилген. Ага чейин мамлекеттик номерлерди чыгаруу менен жеке компания алектенип келген. 2016-жылдын 1-июнунан тарта мамлекеттик номерлер "Инфоком" мамлекеттик ишканасы тарабынан чыгарылып келет.