Коом
4-октябрдагы башаламандыкта жоголгон урналар Ак үйдөн табылды
Элита плюс
Декабрь 05, 2020 г.
4-октябрдагы башаламандыкта жоголгон урналар Ак үйдөн табылды
© Элита плюс

4-5-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийинки башаламандык учурунда 130дай таштанды урнасы жоголгон. Анын 45и Ак үйдөн табылды. Калган урналар учурда изделүүдө. Бул тууралуу маалыматты «Тазалык» ишканасынын жетекчиси Рыспек Сарпашев билдирди.


Анын айтымында, Бишкекте таштанды урналарын өрттөп, дөнгөлөктөрүн талкалап, уурдап кеткен учурлар арбын. Буга байланыштуу 2021-жылы урна сатып алуу пландалууда. Себеби калаага 1500 урна жетишсиз.


Ошондой эле, таштанды үчүн ай сайын киши башына 22 сом 50 тыйындан алынат, аны да төлөбөй жүргөндөр көп.


«Тазалык» калаадагы 29 калктуу конушта таштандыларды ташып кетүү иштерин жүргүзөт. Калган конуштарды жеке менчик формалар тейлейт.