Коом
4-мартта аба-ырайы кандай болот? Синоптиктер жооп берет
Элита плюс
Март 04, 2021 г.
4-мартта аба-ырайы кандай болот? Синоптиктер жооп берет
© Элита плюс

 4-мартта түнкүсүн дээрлик бардык аймактарда жаан жаап, тоолуу райондорго кар түшөт. Кыргызгидромет борбору билдиргендей, күндүз Ысык-Көл облусунан башка бардык жерлерде мезгил-мезгили менен жаан жаашы мүмкүн.

Абанын температурасы Чүй, Талас облустарында түнкүсүн 0...-5, күндүз +9...+14 градус, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2...-7, күндүз +3...+8 градус болот.

Нарын облусунда түнкүсүн -6...-11, күндүз -1...+4 градус жылуу болот.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын температурасы түнкүсүн -2...+3, күндүз +10...+15 градус жылуу болушу ыктымал.

Эртең, 4-мартта Бишкек шаарында түнкүсүн кар жаайт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -1…-3, күндүз +12…+14 градус болот.