Коом
31-июлда курман айт болот. Кайсы малдарды сойгонго болбойт?
Элита плюс
Июль 21, 2020 г.
31-июлда курман айт  болот. Кайсы малдарды сойгонго болбойт?
© Элита плюс

Быйылкы курман айт майрамы 31-июлда белгиленет. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди. Маалыматта айтылгандай, 22-июль Зул Хижжа айынын биринчи күнү болгондуктан 30-июль арапа күнү, 31-июль Курман айт майрамы өтөт. Кошумчалай кетсек, курмандыкка бодо малдар, тактап айтканда, төө, уй, топоз жана кой-эчкилер союлат. Ал эми жапайы кийик, аркар-кулжа жана элик сыяктуу жаныбарлар курмандыкка жарабайт. Булардан сырткары жылкы да курмандыкка чалынбайт. Курмандыкка чалынчу мал сокур, чалыр, аксак, оорукчан, өтө арык, кулагы жана куйругу таптакыр кесилгендер курмандыкка жарабайт.Ошондой эле, союлган малдардын терисин, этин, жүнүн, баш шыйрактарын сатканга болбойт.