Коом
30-июль Улуттук аза күтүү күнү болот
Элита плюс
Июль 28, 2020 г.
30-июль Улуттук аза күтүү күнү болот
© Элита плюс

Президент Сооронбай Жээнбеков «Кыргызстанда 2020-жылдын 30-июлун Улуттук аза күтүү күнү деп жарыялоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

2020-жылдын 11-мартында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму COVID-19 жаңы коронавирус инфекциясынын жайылышын пандемия деп жарыялаган. Кыргызстанда коронавирус инфекциясы жайыла баштаган учурдан тарта көптөгөн мекендештер илдеттен каза тапты.

Аза күтүү күнүндө зарыл иш-чаралар аткарылып, анын ичинде бүткүл аймактарда, чет өлкөдөгү дипломатиялык жана консулдук өкүлчүлүктөрдүн имараттарында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туулары ылдый түшүрүлөт.

Маданият мекемелерине жана телерадиокомпанияларына аза күтүү күнү оюн-зоок иш-чараларын жана берүүлөрүн токтотуу сунушталды.

Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргызстанда 27-июлга карата коронавирус жуктургандардын жалпы саны 33 миң 296га жетти. Илдеттен 21 миң 205 жаран айыгып, 1301 адам каза болду.