Коом
29-декабрга чейин шайлоочулар өздөрүн алдын ала түзүлгөн тизмеден текшере алышат
Элита плюс
Декабрь 04, 2020 г.
29-декабрга чейин шайлоочулар өздөрүн алдын ала түзүлгөн тизмеден текшере алышат
© Элита плюс

Жарандар 29-декабрга чейин өздөрүн алдын ала түзүлгөн тизмеден текшере алышат. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, алдын ала тизме Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан түзүлүп, 2020-жылдын 10-ноябрынан тарта "Тизме" - https://tizme.gov.kg/ порталында жайгаштырылганы айтылат.

"2020-жылдын 19-ноябрынан тарта шайлоочулардын тизмеси бардык шайлоо тилкелеринде илинип турат, шайлоо участокторунун бардык саны азыркы учурда 2 миң 475, анын ичинде чет өлкөлөрдөгү 45 тилке да бар.

2020-жылдын 10-ноябрына карата шайлоочулардын алдын ала тизмеси боюнча шайлоочулардын саны 3 миллион 544 миң 403 жаран. Алардын ичинен эркектер – 1 миллион 693 миң 035, аялдар – 1 миллион 851 368.

Жарандарын өздөрүн тизмеден текшерүү үчүн:

  • шайлоо тилкелеринен;
  • "Тизме" - https://tizme.gov.kg/ шайлоочулардын порталынан;
  • 119 номерине чалуу менен (телефон чалуу акысыз);
  • 119 номерине жеке ПИН номериңизди СМС аркылуу жиберип, сиз шайлоо участогуңуздун номерин жана дарегин биле аласыз.

Эгер кандайдыр бир ката же так эместик кеткен болсо же шайлоочулардын алдын ала тизмесинде жок болсо, жарандар 2020-жылдын 29-декабрынын кечине чейин тиешелүү участкалык шайлоо комиссиясына өзгөртүү киргизүү же шайлоочулардын тизмесине киргизүү (мурдагы № 1 формасы), паспорттун (ID – картты) көчүрмөсүн көрсөтүү менен, кабыл алынган үлгүдөгү арызды жазып кайрыла алышат", - деп жазылат маалыматта.